Тарых кафедрасы / Байболотова И.
Кызматы: Тарых мугалими
Мен, Байболотова Турсунгуль Жумадыловна 10.01. 1950 – жылы
Ысык – Кол областынын Жети – Огуз районунун Кызыл – Суу айлында торолгом.
Эмгек жолумду 1970 – жылы Бишкек шаарындагы № 5 орто мектепте улуу пионер-вожатый болуп баштагам. Билимим жогорку, 1973-жылы КГНУнун тарых факультетин бутургом.
Жалпы эмгек стажым 34 жыл, педагогикалык стаж 34 жыл, Жогорку категориядагы мугалим. 1976 – жылдан баштап Улуттук компьютердик гимназияда жогорку класстарга тарых мугалими болуп иштеп келе жатам.
1994 – жылы «Элге билим беруунун отличниги» наам алгам. Класс жетекчи болуп иштеген жылдарда 11 окуучу кызыл аттестат менен гимназияны бутурушту. Тарых боюнча Республикалык олимпиаданын женуучулорун жана призерлорун даярдадым. Мисалы: 1998 – жылы Сапарбаев М. 1 – орун, 1999 – жылы Осмоналиева А. 2 – орун, 2000 – жылы Аильчиев А. 3 – орундарды алышты.
Алган сыйлыктарым: Почетный грамота ЦСВПО им.Ленина – 1972ж.
Грамота РКЛКСМ, ГКЛКСМ Киргизии – 1972., 1974ж.
«Почетная грамота» Министерство образования – 1972ж., 1996ж., 1999ж.,
«Почетная грамота» Л.Т.О., КАО, РИУУ – 1989ж., 2003ж., 2007ж., 2011ж.,
«Почетная грамота» департамента образования – 1996ж., 1999ж.,
«Почетная грамота» НКГ – 1986ж., 1998ж., 2007ж., 2011ж.
Ооган согушунун ардагерлеринин Республикалык кеңешинин «Мээримдүүлүк медалы»-2013-ж.
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын «Ардагер мугалими» медалы. 2016-ж.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгиси жана Ардак грамотасы-2016-ж.
Сертификаттар: Сорос Фонд – 2003ж., ОБСЕ – 2006ж., КАО – 2011ж., «ВУЗ – школа – опыт сотрудничества – 2011ж.»
Дипломдор: международной конференции – 2011 ж., Диплом: «учитель новатор» - 2011ж.
Методикалык тарых боюнча иштеримди Бишкек шаарында кыргыз мектептерине колдонуп келген мисалы: В.Ф. Шаталовдун «Таяныч сигналдар», «Сабак беруунун жаны методикасы жана окуучулардын сынчыл ойлорун онуктуруу».
Сорос – Кыргызстан «Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ойломду онуктуруу» курсун буткондон кийин 2003 – 2005 жылдарда областардан келген тарых мугалимдерге бир нече жолу ачык сабактарды бердим.
1990 – 1992 жылдары Бишкек шаарынын тарых мугалимдеринин кыргыз секциясын жетектеп семинар, докладдарды откордум.
1997 – жылы Эл агартууминистрлигинин тесттик борбору чыгарган. «ВУЗга отууго орто мектептин окуучулары учун тузулгон тесттик тапшырма жыйнагы» нын тарых боюнча авторлорунунбири болгом.
2004 – 2005 окуу жылында эл агартуу министрлигинин эксперт коммисиясынын жаны окуу программалардын жана жаны тарых китептерин чыгаруу иштерине катыштым.
2005 – 2006 окуу жылында Бишкек шаардык элге билим беруу департаментинде тарых сабагын беруу боюнча метод советтин мучосу. УКНнын тарых мугалимдердин жана практиканттардын насаатчысы милдетин аткарып келе жатам.
Учурда 10-класстар үчүн Кыргыз тарыхы жана Дүйнө тарыхы боюнча электрондук окуу китебинин үстүндө иштөөдө.