Тарых кафедрасы / Садыкова Б.

 

Кызматы: Тарых мугалими

Туулган жылы: 11.06.1959

Улуту: кыргыз

Билими: жогорку

Бүткөн окуу жайлары: КГУ 1985 – ж.

Квалификация: Тарых жана коом таануу адистиги.

УКГда иштеген кызматы: Тарых жана жаран таануу мугалими.

Жалпы стажы: 43 жыл.

Пед. стажы: 43 жыл.

Азыркы иштеген коллективинде 34 жыл.

УКГда иштеп баштаган жылы: 1985-ж.

Категориясы: жогорку.

Садыкова Бурмаке Ногоевна 1959 – жылы 11 – июнда Ысык - Көл областынын Тоң районундагы Ак-Терек айылында туулган.

Ак – Суу районундагы К. Жантөшев атындагы мектепти 1976-ж. аяктаган.

1976-80 - жылдарда Ак-Суу районундагы Ч. Осмонов атындагы мектепте, 1-4-класстардын узартылган күндүн группасына мугалим болуп иштеген.

1985 – жылы КМУнин тарых факультетин аяктаган.

1985 – жылы 18 – августтан бери УКГда иштеп келе жатат.

            Жеке темасы «Тарых жана коом таануу предметин окутуу аркылуу окуучулардын дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу, таанып – билүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү» деп иш алып барат.

- Жаран таануу, экономика, адеп сабактары боюнча автордук программа түзүп, иштөөдө тесттердин жана сөздүктүн жыйнагын түзүүдө.

- Тарых сабагы боюнча программага өз салымын кошуп келген (2002-2003 - ж.ж. соавтор).

- Экономика предмети жана жаран таануу предмети боюнча көргөзмө куралдарды түзүүгө кадамдар башталды.

- Газета, журналдарга жогорудагы аталган предметтерди окутуудагы көйгөйлөр боюнча макала, сунуштар жарыяланып келет.

- Коомдук иштерге талбай изденип иштейт: бир нече жыл шаардык билим берүү департаментинде тарых, коом таануу предметтерин окутууда эксперименттик топтун жетекчиси.

- УКГда окуу – тарбия иштери боюнча директордун орун басары.

- Бишкек шаарындагы №7 «жумушчу жаштар мектебинде» директордун ордун аткаруучу.

- «Демилгелүү, эксперименталдык топ» менен бирге республиканын мектептеринин директорлоруна жана орун басарларына областтарга барып, семинар, тренингдерди өткөргөн .

- Мониторинг борборунун жетекчиси.

- Бир нече жылдар куратор болуп иштеп: «Лидер куратор», «Мыкты куратор» ж.б. номинацияларды алган.

- Бир нече жолу окуучулары республикалык олимпиадада I, II, III орундарды камсыз кылган.

- Тарых, коом таануу сабактары боюнча республиканын директорлоруна, мугалимдерине мыкты ачык сабактарды өткөн.

- Бир катар жылдар тарых – география кафедрасында кафедра башчысы болуп иштеген.

- Мектептин усулдук иштеринде эксперименталдык топтун жетекчиси,

- Мектеп музейинин башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип, коомдук иштердин активдүү катышуучусу болуп эсептелет. Көптөгөн окуучулары коомдук, мамлекеттик, экономикалык, социалдык жана юридикалык кызматтарда ийгиликтүү иштешүүдө.

- Чет өлкөдө окуп, эмгектенген окуучулар менен дагы сыймыктанат.

- Садыкова Б. Н. азыркы мезгилде чыгармачылык изденүү менен, активдүү, демилгелүү, жаңылануу менен гимназиянын окуучуларына окуу-тарбия берүүдө талыкпай эмгектенип келет.

Алган грамоталары:

            1987 – жылы окутуу – тарбиялоо ишинде жетишкендиги боюнча мектеп тарабынан сыйланган;

            1988 – жылы Республиканын мектептеринин директорлоруна «мыкты сабак» өткөргөндүгү үчүн;

            1994 – жылы тарых сабагын өтүүдө мыкты жетишкендиктери үчүн шаардык департамент тарабынан сыйланган;

1996 – жылы мектептин музейин 70 жылдык мааракесине жасалгалагандыгы үчүн ардак грамота, акчалай сыйлык;

1996 – жылы билим берүү министерствосу тарабынан ардак грамота менен сыйланган;

1997-жылы «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси;

1997-жылы «Мыкты куратор» номинациясы;

1998-жылы «Гимназиянын модели» конкурсунун жеңүүчүсү номинациясы менен сыйланган;

1999–2000 – жылы «Лидер куратор», «Лидер класс» номинациясы менен (класста 11 окуучу «Алтын медаль» менен бүткөн);

2001-2002 – жылы Предметтик сабактар боюнча республикада биринчи орун алгандыгы үчүн министрликтин жана гимназиянын дипломдору менен сыйланган;

2002-2003 - жылы Республикада олимпиадада II орун алгандыгы үчүн Министрликтин жана гимназиянын диплому менен сыйланган;

2003-2004 – жылы «Мыкты куратор» номинациясы ыйгарылган;

2004-2005 – жылы шаардык Республикалык мугалимдерге ачык сабактарды өткөндүгү үчүн грамота берилген;

2005-2006 – жылы Гимназиянын 80 жылдыгына карата грамота берилген;

2011 – жылы «Түрк дүйнөсү, Якутиядан тартып Жер ортолук деңиздин жээктерине чейин Кыргызстан аркылуу» темасындагы илимий практикалык конференциянын активдүү катышуучусу;

2011 -  жылы Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан конференцияны уюштуруу жана кызматташ болгондугу үчүн «ыраазычылык кат» берилген;

Алган сертификаттары:

  1. 2002 – жылы Канадалык фонд тарабынан уюшулган конкурстун негизинде адам укугун коргоо (МПГ);
  2. 2002 – жылы «Тарыхты окутуунун методикасы» - Кыргыз билим берүү академиясы;
  3. 2003 – жылы «Сынчыл ойлорду жазуу жана окуу аркылуу өстүрүү» программасынын курсун бүтүрүүчүсү;
  4. 2005 – жылы «Глобалдык билим берүү»;
  5. 2006 – жылы «Жарандык жана башкарууга катышуу» - «XXI-кылымдын жарандык коомундагы силердин ролуңар» курсун окутуу методикасы боюнча тренингдин бүтүрүүчүсү;
  6. 2006 – жылы УКГнын ичиндеги компьютердик курстун бүтүрүүчүсү;
  7. 2005-2006 – жылы «Тарыхты окутуунун методикасы» проект спектора образование АБР;
  8. 2001 – жылы «ЖОЖ – мектеп кызматташтыгынын тажрыйбасы» - илимий –  практикалык семинар Арабаев атындагы университет;
  9. 2011 – жылы «Жалпы билим берүү шартында интерактивдүү ыкмаларды окутуу (36) КЖ жана ККДИ И. Арабаев атындагы КМУ»;
  10. 2011 – жылы «Түрк дүйнөсү: Якутиядан тартып Жер Ортолук деңиздин жээктерине чейин Кыргызстан аркылуу» тюркологиялык илимий конференция КББА;
  11. 2012 – жылы Жалпы билим берүүчү мектептер, лицейлер жана гимназиялар үчүн экономика сабагын берүүдөгү мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсу. Коомдук фонд «өнүктүрүү борбору Ала-Тоо» М. Рыскулов КЭУ.
  12. 2015 – жылы КЭУ жана УКГнын базасында Коомдук фонд «өнүктүрүү борбору Ала – Тоо» экономика сабагын окутуунун методикасы;
  13. 2015- жылы «Турк дүйнөсү» тюркологиялык илимий конференциясында доклад окуп, активдүү катышып, I-даражадагы диплом жана эстелик белегине татыктуу болгон.

 

Жакынкы аралыкта алган сыйлыктары:

2016 – жыл. Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы;

2017 – жыл. УКГнын «Ардагер мугалими» төш белгиси;

2018 – жыл. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.

 

Адрес: Бишкек шаары, көчөсү Белорусская 2/1, 12 б.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru