Сологойлор үчүн канцтоварлар

Сологойлор көпчүлүк убакытта өзүлөрүн оӊ колдуу адамдардын дүйнөсүндө ыӊгайсыз сезишет. Башталгыч класстардын окуучулары көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушат: сызгычтар солдон оӊго чийүүгө ылайыкташтырылган, жазуу дептерлеринде сол кол саптын башындагы үлгү тамганы жабып калат жана сыясы кургай элек жазууну сол кол сүрүп кетет. Сологойлорду ата-энелерине мындай балдар үчүн атайын концелярдык шаймандардын бар экендиги маалым болуусу керек.


Сызгыч.

Сологойлордун сызгычтары шкала оӊ тараптан башталганы менен айырмаланат. Мындай сызгычты баракка басып, каалаган багытта сызык чийсе болот.


Калем сап.

Сологойлордун калем саптары башы ийри болуп айырмаланат. Калемдин мындай формасы жазылган маалыматты кол же калем сап менен жабып калуудан сактайт. Адатта үч бурчтуу формада болуп, манжалар үчүн чуӊкурчалары бар болот. Натыйжада кол азыраак чарчайт.

Дептер жана альбомдор.

Бул шаймандар сологойлорго атайын жасалынбайт. Бирок, кагаз глянец болбогону ырас болот. Себеби анын бетинен сыя көп сүрүлүп жайылбайт.


Жазуу дептерлери.

Сологой окуучулар үчүн жазуу дептерлеринде пунктир сызыктар менен көнүгүүлөр көбүрөөк. Себеби, аларга кол жазманы өздөштүрүү кыйыныраак. Ошондой эле тамга жана оюлардын мисалдары барактын оӊ тарабында жайгашкан, натыйжада бала аларды такай көрүп турат.


Кайчылар.

Ийри жана эргономикалык саптуу кайчылар бар. Алар кесип жаткан жерди тосуп калбайт. «Сологой кайчылар» сол кол адамдар үчүн шаймандардын дүйнөсүндө эӊ популярдуу товар.


Учтагычтар.

Сологой карандаш учтап жатканда аны өзү тарапка айлантууга туура келет. Бул ыӊгайсыздык жаратат. Сологойлордун учтагычтарынын мизи тескери жайгашкан

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru