1-сентябрь-Билим күнү

Билим берүү министри 2030-жылга чейин Кыргызстандын билим берүүсү компетенттүү стандарттарын, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу мен н салттуу баалуулуктардын негизинде төмөнкүдөй 7 багытта иштерди жүргүзүү белгиленген: 

1.Ар бир окуучунун компетентүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун түзүү;

Бул багытта Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде мугалимдер тарабынан негизги 16 предмет боюнча электрондук окуу китептери түзүлүп окуучулардын өз алдынча билим алуусуна окутуудагы теория менен практиканы айкалыштыруу менен окутуунун санариптик дидактикалык базасын түзүп аны ар бир сабакта толуктап, күчтөндүрүп, өркүндөтүү жолго коюлду.

“Калем Ко” билим берүү мекемеси менен атайын меморандум түзүлдү. Негизги предметтер боюнча Олимпиадага даярданууга окутуу жумуштары аткарылат. Бул процесске окуучулардын арасынан бардык каалоочулар тартылат. 9 класстан баштап 11 класска чейин. Бул окутуу курсунан өткөндөн кийин ар бир окуучу дүйнө жүзүндөгү ТОП 200 окуу жайларына отүүгө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Жеке бул эмес райондук, областтык жана Республикалык андан ары предметтер боюнча Дүйнөлүк олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүктөрдү алышат.

 

2.Билим берүүнү санариптештирүү (билим берүү процессинин бардык катышуучуларын маалыматтык коммуникациялык технологиялардын ыкмаларына үйрөтүү, окутуунун электрондук чөйрөсүн жана санариптик башкарууну түзүү, дистанттык окутууну жана башка технологияларды колдонуу)

УИТМЛде билим берүүнү санариптештирүүгө жалпы педагогикалык коллектив активдүү катышууда. Ар бир мугалим SUNRAV информациялык системасында өздөрүнүн предметтери боюнча окуу методикалык комплекстерин түзүү үстүндө иштеп жатышат. Мында окуучу менен мугалимдин ортосунда аралыктан окутуу принциптери иштеп кыска убакыттын ичинде сапаттуу билимге ээ болууга өбөлгөлөрдү түзөт. Жаңы окуу жылына баштап Кыргыз телекомдун техникалык партнеру “ЭЛЖУР” информациялык системасы иштеп баштады. Ошондой сабактардын расписаниесин түзүү атайын программанын жардамы менен түзүлүп иштеп жатат. SunRav WEB Class программалык комплекси менен аралыктан онлайн тестирлөө жумуштарын жана тестирлөө библиотекага кирүү жумуштары аткарылат.

 

3. Мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү;

Ар бир мугалимдик кесиптик жактан өнүгүүсүнө шарттардын баары бар десек болот. Сабакта презентацияларды, аудио-видео сабактарды, онлайн интернет булактарын колдонуу практикаланып ал үчү шарттар түзүлдү. Мисалы, электрондук библиотека, мультимедиялык лаборатория, ар бир класста WIFI интернет булактарынын болушу.

 

4.Инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу;

Инклюзивдик окутуу ар бир билим берүү мекемеси ылайыкташуусу зарыл ошондуктан эң алгач окуу класстарына жетиш үчүн шарттар түзүлүш керек. Бул проблема биздин лицейдин  алдында чечүүчү маселе. Акырындан чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Анын негизги жолу аралыктан окутуу системасын киргизүү аркылуу окуучу-мугалимдин ортосундагы онлайн окутууну уюштуруу же окуу корпусун ылайыкташтыруу.

 

5.Билим берүүнүн натыйжаларын баалоо (билим берүү уюмдарынын бардык баскычтарында өзүн-өзү баалоонун жана тышкы баалоонун айкалышы, анын ичинде аккредитациялоонун алкагында);

УИТМЛ быйылкы окуу жылында аккредитациядан өтүүгө даярдануудабыз. Өткөн окуу жылында Билим берүү министрлиги астындагы УЛУТТУК тестирлөө борборунан жана НОВА тестирлөө борборлорунан алынган тесттин жыйынтыктарынын үстүнөн талыкпай эмгектенүүнү талап кылууда. Себеби, жарым жылдык окуу жыйынтыктары менен УИТМЛ аккредитациялоодон өтөт. Урматтуу мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер окуу процессинде бирдиктүү, талбай иштесек БИЗ сөзсүз жогорку сапаттагы билимге ээ болобуз. Бул үчүн бизде толук шарттар бар.

 

6.Натыйжалуу жана коопсуз окуу чөйрөсүн түзүү; 

УТМЛдин ата-энелер тарабынан түзүлгөн “Коомдук бирикме” нин жардамы аркасында ТУРНИКЕТ системасы кирип иштеп жатат. Бул система лицейдин окуучуларынын үйдөн-мектепке, мектептен-үйгө маршрутунда ата-энеге смс түрүндө информацияларды берүү аркылуу коопсуздугун камсыз кылат.

Ошондой ата-энелердин жардамы аркасында БОЗ ҮЙ тургузулуп даяр болуп калды. Мында 3 сменде окуган башталгыч класстарынын окуучулары үчүн, ата-энелердин өздөрү үчүн, мугалимдер үчүн жакшы шарттар түзүлөт. Боз үй кыргыз элинин меймандостугунун күзгүсү десек жанылышпайбыз. Ошондуктан ушул бүгүнкү ачылыш биздин мектептин окуу процессинде коопсуз окуу чөйрөсүн түзүүдө эң көрүнүктүү аткарылган жумуш десек жаңылышпайбыз. Бул боз үйдүн ичинде окуучулар сабакка даярданса болот. Интернет ылдамдыгы жогорку деңгээлдеги вайфай режиминде коюлат.

 

7. Билим берүүнү башкаруу жана каржылоо сыяктуу жооптуу милдеттерди аткарышы керек.

УИТМЛде мектептеги билим берүүнү санариптештирүү боюнча алгылыктуу жумуштар жасалып жатат. Эң негизгиси билим алууга, билим берүүгө берилген убакытты экономдоонун каражаты десек жанылышпайбыз. Ошол себептүү мектептеги билим берүүнү окуучулар тарабынан билим алууну автоматташтыруу биздин эң негизги максатыбыз жана милдетибиз деп эсептейбиз.

Урматтуу мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар жаңы окуу жылында биринчи БИЛИМ КҮНҮ менен куттуктайбыз. Ар бир жылда жогорулоо менен билим сапатын санариптештирүүнүн негизинде алдынкы ийгиликтерди жаратабыз деп ишенимдүү айта алабыз!

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru