Кыргыз эл сыймыгы Өскөн Даникеевдин 85 жылдыгын утурлап

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейде Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, №5 мектеп-интернаттын медалист бүтүрүүчүсү Өскөн Даникеевдин 85 жылдык юбилейине карата уюштурулган иш-чаралар жогорку деңгээлде болуп өттү.

Жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына карата 9-класстардын арасында дил баяндар сынагы, 10-класстардын арасында дубал газеталар сынагы өтүп, жыйынтыгында эң мыкты деп аталган алдыңкы орундардын ээлери Өскөн Даникеевдин  ыраазычылык каты  жана жазуучунун кол тамгасы коюлган китептери менен сыйланышты.

Кыргыз эл сыймыгы Өскөн Даникеевдин 85 жылдыгына карата 9-м3 классында жазуучунун катышуусу менен ачык сабак өтүлдү. Окуучулар улуу жазуучунун өмүрү чыгармачылыгы менен таанышышып, жазуучунун басып өткөн жолунан үлгү алышып, жазуучу менен болгон жолугушуу окуучуларга жагымдуу таасир калтырды

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru