Илимий методикалык иштер

Гимназиядагы методикалык иштерди уюштуруу

Гимназиядагы методикалык иш-бул практикалык ишмердүүлүктөн чектелбестен чыгармачыл активдүүлүктүн шарты, педагогдордун чеберчилик мектеби сыяктуу квалификацияны жогорулатуунун ички формасы болуп саналат.

Методикалык иш бир мугалимдин адистик деңгээлин жогорулатуу менен бирге бардык педагогикалык коллективдин өнүгүшүнө шарт ашырууну аныктайт.

Методикалык иштин максаты педагогдун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, аны адис катарында калыптандыруу болуп саналат.

Адистик компетентүүлүк-мугалимдин эмгегиндеги педагогикалык ишмердүүлүктүн жана педагогикалык баарлашуунун калыптангандыгы педагогдун инсандык деңгээли жогорку деңгээлде калыптандырат.

Илимий методикалык иштин негизги максаттары:

1.    Мектепти өнүктүрүү программасынын рамкасында инновациялык билим берүү технологиясын ишке ашырууда, өздөштүрүүдө мугалимге жардам берүү

2.    Билим берүү сапатынын менеджменти тармагында илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбалар ал окуучунун өнүгүүсүнө шарт түзөт, практикалык ишмердүүлүгүнө киргизүүгө жардам берет.

3.    Билимдин сапатынын менеджменти шартында үзгүлтүксүз билим берүү системасына өтүүдөгү баскычтар арасында уланмаалуулукту жана биримдикти камсыз кылуу

 

Илимий методикалык иштердин милдеттери

1.    Билимдин сапаты боюнча мектептеги тажрыйбаларды жоюу жана байытуу, өздөштүрүү иш чараларды уюштуруу, өздөштүрүү, талдоого багыттоо, иш чараларды өткөрүү

2.    Долбоордук ишмердүүлүктөргө катышуу аркылуу окуучулардын жана педагогдордун тажрыйбалуу эксперименталдык иштерин, илимий иштерин, илимий-методикалык иштерин колдоо, ишке ашыруу жана уюштуруу

3.    Эффективдүү билим технологияларын колдонуу менен анын чыгармачыл өсүшүн, өзүн-өзү өнүктүрүшүн камсыздоо, уюштуруу, корректировкалоо

4.    Предметтик методикалык бирикмелерин ишмердүүлүгүн координациялоо.

5.    Андан тышкары ата-энелер коомчулугу жана башка мекемелер менен билим берүү сапатын жакшыртуу, билим берүү кызматтарын, муктаждыктарын канаттандыруу үчүн ИМБ менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү

 

Илимий-методикалык иштердин багыттары

1.    Мугалимдерди аттестациялоо

2.    Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу(өзүн-өзү өнүктүрүү, семинарларга, конференцияларга, мастер-класстарга катышуу, курстук даярдыктар)

3.    Мугалимдердин педагогикалык чеберчилик конкурстарга катышуусу

4.   Билим сапатын башкаруу. Мониторинг иш чараларын уюштуруу

5.   Предметтер боюнча сабактан тышкаркы иш-чаралар

6. Мугалимдердин  иш-тажрыйбаларын ар түрдүү деңгээлде таанытуу жана байытуу(ачык сабактар, мастер-класстар, чыгармачылык боюнча отчеттор, басылмалар, методикалык материалдарды иштеп чыгуу)

7.    Билим процессин уланмалуулук менен камсыз кылуу

8.    Жаш педагогдор менен иштөө

9.    Мектептин иш тажрыйбасын презентациялоо, мекемелердин рейтингин кесиптик коомчулуктарда жогорулатуу

10.  Илимий-методикалык иш мугалимдердин методикалык бирикмесинин иштери аркылуу ишке ашат.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru