Профессор А. Молдокулов атындагы УИТМЛнин 2018-2019-окуу жылы боюнча жүргүзүлгөн усулдук иштерге жылдык А Н А Л И З

2018-2019-окуу жылында гимназиянын усулдук ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамынын чегинде “Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн орто мектепте билим берүүчү информациялык чөйрөнү калыптандыруу” деген педагогикалык-психологиялык теманын үстүндѳ изденүү этабында иш алып барды. 

Ар бир кафедра гимназиянын усулдук темасынын үстүндѳ тандалып алынган темалары менен иш алып барышты. Гимназиянын усулдук иштери ишмердүүлүктүн классикалык формасын колдонуп иш алып барды. Ар бир мугалим өзү сабак берген предмет боюнча (тандап алган класска) окуу китептеринин электрондук формасын SUN-RAV программасына:

  • окуу китебинин мазмунун;
  • ар бир сабак көрсөтмөлүү болушу үчүн презентация;
  • ар бир сабакка видеосабак;
  • ар бир өтүлүүчү сабактын мазмунун чагылдырган тест түзүү менен Ttester программасына киргизүүгө жетишишти. 

Мындан сырткары модифицирленген программалар менен иштеген предметтер боюнча да электрондук окуу китептери түзүлдү.

            Электрондук окуу китептерин түзүү менен бирдикте ар бир мугалим  тогуз бөлүмдөн турган электрондук портфолиосун түзүүгө жетишишти.

 

  1. Гимназиянын кадрдык составы аныкталды.

Гимназияда бардык предметтер боюнча мугалимдер жетиштүү. Жалпы 151 мугалим.

жогорку билимдүү- 149 мугалим-99%
атайын орто- 2 мугалим (бүгүнкү күндө сырттан жогорку окуу жайда билим алышат)-1%

 

Мугалимдердин квалификациясы боюнча:

билим берүүнүн отличниги- 67 мугалим-44%
билим берүү министрлигинин грамотасы-  71 мугалим-47%
эмгек сиңирген мугалим-  1 мугалим
өкмөттүн ардак грамотасы- 2 мугалим
пенсионерлердин саны - 52 мугалим-34%
Жогорку категория- 87 мугалим-58%

I категория- 13 мугалим-9%

II категория- 6 мугалим-4%

Категориясы жок- 45 мугалим-30%

Педагогикалык стаж боюнча:

4 жылга чейин- 13 мугалим-8%

4 жылдан 20 жылга чейин-54 мугалим-36%

20 жылдан 30 жылга чейин-  28 мугалим-19%

30 жылдан 40 жылга чейин- 41 мугалим-27%

40 жылдан ашык- 15 мугалим-10%

 

Мугалимдердин жаш курагы боюнча:

30 жашка чейин- 19 мугалим-13%

30 жаштан  50 жашка чейин- 64 мугалим-42%

50 жаштан жогору- 68 мугалим-45%

 

 

 

2. Мугалимдердин билимдерин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы

Жыл башында мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча перспективдүү пландын негизинде быйылкы жылы курска баруучу мугалимдердин тизмеси жана баруу мөөнөттөрү такталган.

  1. Жогорудагы тизмедеги мугалимдер (30мугалим) «Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда»  кыска мөөнөттөгү дасыгууну жогорулатууга барып (72 сааттык), 19 мугалим сертификат алып келишти. География мугалими М. Сатиндиева жумуштан кеткендигине байланыштуу семинарга катыша алган жок. Т. Иманкасымова, Т. Нааматова, М. Чатакова, Н. Болотбекова, Б. Дүйшеев, Г. Байзаковалар семинарга жүгүртмөлөрү дал келебегендигине байланыштуу барышкан жок. Бирок бул мугалимдердин арасынан Т. Иманкасымова, Б. Дүйшеев, Г. Байзакова көчмө семинарга  катышып, “Окутуудагы жана баалоодогу заманбап билим берүү технологиялары” деген темада сертификат алышты. Гимназиянын соц.педагогу Ж. Малиева семинарга барды, бирок катышуучулардын саны аз болгондуктан РПККЖжКДИда курс уюштурулган жок. Орус тили жана адабияты мугалими Т. Иманалиева ден соолугуна байланыштуу курска бара алган жок. Физика мугалими Б. Куреңкеева жана англис тили мугалими А. Эсенбаева курска баруу убактысы боло электигине байланыштуу барышкан жок.
  2. Гимназиянын 90 мугалими «Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун» “Окутуудагы жана баалоодогу заманбап билим берүү технологиялары” деген темада көчмө курстан өтүштү (72 сааттык)
  3. 8 мугалим 2019-жылдын 22-марттан 24-мартка чейин «Как сбываются и разбиваются мечты» деген темадагы эл аралык семинарга катышышып, сертификат алышты.
  4. Башталгыч класстын 30 мугалими, 1 завуч жана 1 китепканачы окуу жөндөмүн ѳнүктүрүү боюнча USAID дин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн семинарына катышып, модулдарды толук окушуп (2 жыл), курсту аякташты.
  5. Гимназиянын 7 мугалими И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде В. П. Астафьев атындагы Красноярск Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин “Образовательные кластеры и сетевые информационные технологии” деген темада семинардан өтүшүп(3 күн), сертификат алышты.
  6. Немис тилчи 3 мугалим (М. Касаболотова, К. Акбекова, Н. Садырова) Казакстан Республикасынын борбор шаары Нурсултан шаарына “Немис тили предметин башка сабактарда колдонуу” деген темадагы семинарга катышып келишти. Ошондой эле 1 мугалим Казакстан Республикасынын Караганда шаарындагы “Информация Гете института, методические советы” деген темада семинарга катышты. 1 мугалим немис тили боюнча Бишкек шаардык “Немецкий язык с будущим” деген темада семинарга катышты.  4 мугалим 2018-жылдын август айында Ыссык-Көлдө немис тили мугалимдер үчүн уюштурулган семинарга катышкан. 1 мугалим 15.07.2018-26.07.2018 аралыгында жана 04.11.2018-24.11.2018 аралыгында Германия мамлекетине барып курстан өтүп келди.

 

Жалпы мугалимдердин саны-151

  • Узак мөөнөттүү курстан өткөн мугалимдердин саны-141 (93%)
  • Кыска мөөнөттүү курстан өткөн мугалимдердин саны-24 (16%)

Мындан сырткары мугалимдер үчүн семинарлар өткөрүлдү:

  1. 2018-2019-окуу жылынын август айында 5-6-класстардын предметтик мугалимдери жаңы мамлекеттик стандарттын негизинде предметтик стандарттарды окуп үйрөтүү боюнча семинарларга катышып келишти:

Чет тили (англис тили) боюнча жаңы стандарттын негизинде түзүлгөн окуу китебинин мазмуну, окутуунун методикасы боюнча жыл ичинде гимназияда жуманын ишемби күндөрү шаардык мектептердин мугалимдерине семинар болуп жатты. Гимназиянын мугалимдери Д. Байбосунова жана Н. Өзүбековалар катышышты.

  1. КББАнын вице президенти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А. Д. Токтомамбетов гимназиянын 3 топтон турган мугалимдерге- «МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ» деген теманын үстүндѳ бир жылдык сериялык семинарларды өттү.
  2. КББАнын кызматкери А. Жооданбеков-“Педагогдор жана инсанга карата жаңы багыттар”, Б. Блум, В. Выготский, Г. Гарднер, Ж. Дьюн, Пиажелердин методикасы жөнүндө мугалимдерге сериялык семинарларды жана гимназиянын бүтүрүүчү класстары 9-класстардын окуучуларына  “Максат кое билүү” темасында параллель класстарга семинарларды өттү.
  3. 2018-2019-окуу жылынын 23-24-августунда 3 топтон турган мугалимдерге 
  • УКГнын УИ б-ча д.о.б. М. Б. Асанова:- “Баалоонун түрлөрү. Калыптандыруучу баалоо”
  • УКГнын соц.педагогу Ж. Малиева:-“Окуучу, мугалим жана ата-эне ортосундагы туура мамиле”
  • УКГнын психологу:-“Өзүнө ишеним арттыруу” деген темада семинарлар өтүлдү
  1. 2019-жылдын 26-февралында 4 мугалимибиз Кыргыз Техникалык Университетинде өткөрүлгөн “Жашоо сабагы” деген теманын үстүндѳ өткөрүлгөн семинарга катышып келишти.
  2. 2018-2019-окуу жылынын 8-9-январында  4 топтон турган кафедралардын мугалимдерине УКГнын УИ б-ча д.о.б. М. Б. Асанова жана гимназиянын атайын курс жана кружоктор б-ча жетекчи Жеңиш уулу Азим тарабынан “Баалоонун түрлөрү” темасында семинар өткѳрүлдү.
  3. 2018-2019-окуу жылынын 25-26-март күндөрү (каникул мезгилинде) 4 группадан турган мугалимдер тобуна КББАнын вице президенти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А. Д. Токтомамбетов, КББАнын кызматкери А. Жооданбеков, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун доценти К. Эсеналиева, гимназиянын атайын курс жана кружоктор боюнча жетекчиси Жеңиш уулу Азим жана Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага кызматкери А. Батыркуловалар тарабынан семинарлар өтүлдү.

 

  1. Кафедралардын декада мезгилдери такталды:

Жылдын жыйынтыгы менен дээрлик бардык кафедралардын декадалары өз мөөнөттөрүндө өтүп, директор алдындагы кеңешмеде жыйынтыкталды. Ар бир кафедранын декадасынын жыйынтыгы боюнча папкалар түзүлүп, ага декаданын жүрүшүндөгү иштер камтылды.

 

4. Эксперттик-аналитикалык борбордун мүчөлөрү бекитилип, жылдык иш-пландары түзүлүп, план боюнча аткарылган иштери жыйынталды.

2018-2019-окуу жылынын август айында кафедрадагы мугалимдердин макулдугу менен, бирден мугалим гимназиядагы эксперттик-аналитикалык мониторингдөө борборунун мүчөсү катары сунушталып, педагогикалык кеңешмеде бекитилген. Эксперттик-аналитикалык мониторингдөө борборунун жыл ичинде аткаруучу иш-планы түзүлүп, бекитилген.

 

Эксперттик-аналитикалык мониторингдөө борборунун милдеттери:

  1. Окуу–тарбия процессинин жыйынтыктарына туура баа берилбей калган учурларда тышкы жана ички жөнгө салуучу иш–аракеттер;
  2. Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин аныктоо;
  3. Окуу тарбия процессинде колдонулуп жаткан программалардын эффективдүүлүгүн (модифицирленген программалар), балдардын жаш өзгөчөлүгүнө  жана улуттук менталитетке туура келүүсүн аныктайт;
  4. Мугалимдердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу максатында колдонулуп жаткан семинар-тренингдердин илимий жана практикалык деңгээлин аныктоо.
  5. Жазуу иштеринин нормаларынын аткарылышын кароо;
  6. Мугалимдердин өз ара сабакка катышуу журналдарын текшерүү;

Эксперттик-аналитикалык мониторингдөө борборунун мүчөлөрү жогоруда көрсөтүлгөн мазмундагы иштерди аткарышты. Иштер гимназиянын Усулдук иштер боюнча директордун орун басары менен бирдикте жүргүзүлдү. Ар бир аткарылган иштер боюнча борбордун мүчөлөрү маалымдамаларды жазып, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарларына (ар бир звенонун тиешелүү тапшырмаларын) тапшырышты. Борбордун ар бир мүчөсү жылдык аткарган иштери боюнча жылдык отчетторун жазып, тапшырышты.

5. Алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдер тобу түзүлдү жана жылдык иш-пландары бекиттирилип, жыл ичинде план боюнча иштер аткарылды

2018-2019-окуу жылынын сентябрь айында кафедрадагы мугалимдердин макулдугу менен, бирден мугалим гимназиядагы алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдер тобунун мүчөсү катары сунушталып, педагогикалык кеңешмеде бекитилген. Алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдер тобунун жыл ичинде аткаруучу иш-планы түзүлүп, бекитилген.

Алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдер тобунун максат-милдеттери:

  • Улуттук компьютердик гимназиянын билим сапатын жакшыртуу, тарбиялоо иштерин жогорку деңгээлге алып чыгуу;
  • гимназияда иш кагаздарын жүргүзүүнүн жаңы маданиятын калыптандыруу;
  • илимий деңгээлдеги иш кагаздарды иштеп чыгуу;
  • мугалимдердин иштерине колдоо көрсөтүп, жардамдашуу.

Алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдер тобунун мүчөлөрү гимназиядагы жаш мугалимдер үчүн жана кафедранын мугалимдери үчүн айрымдары доклад окуса, айрымдары семинар, айрымдары мастер класстарды өтүштү. Тажрыйбалуу мугалимдер тобунун мүчөлөрүнүн кээ бири, атап айтсак кыргыз тили жана адабияты мугалими Т. Жангазиева пландаган ишин өтө алган жок. 

 

  1. 2018-2019-окуу жылындагы мультимедиялык-инновациялык борбордун жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы

2018-2019-окуу жылынын август айынын аягындагы кафедралардын кеңешмесинин протоколунун чечими менен ар бир кафедрадан бирден мугалим гимназиядагы мультимедиалык-инновациялык борбордун мүчөсү катары дайындалды, борбордун мүчөлөрү педагогикалык кеңешмеде бекитилди. Мультимедиалык-инновациялык борбордун жыл ичинде аткаруучу иш-планы түзүлүп, бекитилди.

Мультимедиалык-инновациялык борбордун милдеттери:

  • мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн семинар-тренинг уюштуруу жана докладдарды окуу;
  • жаш мугалимдерге жаңычыл усулдарды жана иштөө ыкмаларын жайылтуу;
  • электрондук окуу китебин түзүү менен биргеликте, кафедранын ар бир мүчөсүнө түшүндүрүү иштерин уюштуруу;
  • SUN-RAV программасына тесттерди, видеосабактарды, презентацияларды киргизүү менен кафедра мугалимдерине SUN-RAV программасы боюнча маалыматтарды жайылтуу;
  • жыл ичинде аткарган ишмердиги жөнүндө отчет берип туруу

 

Мультимедиалык-инновациялык борбордун мүчөлөрү кафедранын мугалимдерине электрондук окуу китебин түзүүгө чоң жардам беришти. Чет тили кафедрасы, англис (Oxford edu pred) жана немис (pash) тилдери атайын программалар менен иштегендиктен, электрондук окуу китептери башка предметтерден айырмаланып, бир топ жеңилдетилген. Программанын даяр жана мугалимдер тарабынан түзүлгөн тесттер SUN-RAV программасына киргизүү боюнча мультимедиалык инновациялык борбордун мүчөсү У. Чалпаков семинар өтүп түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Калган кафедралардагы борбордун мүчөлөрү да кафедраларында мугалимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

 

  1.  Жаш мугалимдер такталып, насаатчылар бекитилди.

2018-2019-окуу жылынын сентябрь айында гимназиядагы жаш адистердин тизмеси такталды жана аларга өздөрүнүн предмети боюнча кафедранын тажрыйбалуу мугалимдеринен насаатчылар бекитилди. Гимназиядагы жаш мугалимдердин тобу жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келген, педагогикалык ишинде тажрыйбасы жок мугалимдерден түзүлгөн. Жаш мугалим катары даярдыктан өтүү мөөнөтү 3 жыл.

Педагогикалык жамаатка жаш мугалимди көнүктүрүү, жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсүнөн мугалимдик рольго бекемдөө жана предмети боюнча сабак берүүнүн методикасын үйрөтүү

Жаш адистин милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин макамы жөнүндө» Мыйзамдарын, өз ишмердигин, мектептин түзүмүн, иштөө өзгөчөлүктөрүн жана функционалдык милдеттерин аныктоочу ченемдик актыларды окуп-үйрөнүү;
  • өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча дайыма иштөө;
  • насаатчыдан жаңычыл усулдарды жана иштөө ыкмаларын үйрөнүү;
  • өзүнүн жалпы билимин жана маданий деңгээлин өркүндөтүү;
  • насаатчы менен бирге иштелип чыккан планга ылайык, өз ишмердиги жөнүндө отчет берип туруу.
  • өз ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын мектеп жетекчилеринин кароосуна коюу;
  • кесиптик ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо;
  • өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу;

 

Быйылкы окуу жылында жаш мугалимдер:

Жогоруда тизмедеги 3 мугалим(Токтошева Г., Айылчиева А., Дыйканбай кызы Г., Жаныбек кызы Э., Таштанова Н., Акбекова Кызжибек) гимназияда экинчи, үчүнчү жылы эмгектенип жатышат. Калган 8 мугалим эмгек жолун гимназияда баштап жатышкан жаңы жаш мугалимдер. 

Жаш мугалимдер менен иштөөнүн жылдык иш планы түзүлөн, бекитилген жана түзүлгөн иш план боюнча иш алып барылды.

Усулдук иштер боюнча директордун орун басары М. Б. Асанова тарабынан жаш мугалимдерге:

  • Гимназиянын ички тартиби жана окуу программаларынын мазмуну, нормативдик документтер менен тааныштырылды;
  • Заманбап сабак ѳтүүнүн усулдук негиздерине коюлган талаптар жана сабактарга, ѳзүнүн сабагына анализ берүү жөнүндө маалыматтар берилди.

Жаш мугалимдерден анкеталар алынып, жумалык жүктөмдөрү, жумалык жүгүртмөлөрү такталды.

Жыл ичинде бир айда эки жолу, жуманын бейшемби күндөрү жаш адистер менен усулдук кабинетте жолугушуу уюштурулуп төмөнкү темадагы семинар-тренингдер өткөрүлдү:

  1. «Предметтик компетенцияны сабактарда жана класстан тышкаркы иштер аркылуу өнүктүрүү” (семинар-тренинг). Информатика мугалими А. Албакова
  2. «Интерактивдүү досканы сабакта колдонуу ыкмалары(семинар)». Математика мугалими  

К. Н. Шаршеналиева

  1. «Мугалимдин окуучуга, ата-энеге болгон мамилеси». Башталгыч класс мугалими

Ж. Чойбекова.

  1. «Заманбап билим берүү технологиялары. Интерактивдүү досканы пайдаланып сабак өтүүнүн ыкмалары». Математика мугалими Н. Шаршеналиева
  2. «Окуучуларды адептүүлүккө тарбиялоо». физика мугалими Ш. Тинибаева
  3. «Кел, Ноорузум». Көрсөтмөлүү тарбиялык ачык сабак. Англис тили мугалими Г. Кариева

Мындан сырткары декабрь айынын эки жумалык аралыкта насаатчы мугалимдер жаш мугалимдер үчүн көрсөтмөлүү ачык сабактарын өтүп, өздөрүнүн жаш мугалимдерине сунуш-пикирлерин айтышты.

 

Жыл башында 14 жаш мугалим бар экендиги такталган жана 14 насаатчы мугалим ачык сабак өтүшкөн. II жарым жылдыкта 2 жаш мугалим кетип, 2 жаш мугалим жаш мугалимдердин катарын толукташты.

   Апрель айында гимназиянын жаш мугалимдеринин (жалпы саны-14) жумалыгы өткөрүлдү. Жаш адистердин жылдык иштерине анализ жүргүзүү максатында, ачык сабактарына катышып, иш-кагаздары текшерилди.

   Быйылкы окуу жылында жаш мугалимдердин ичинен “Жыл мугалими” конкурсунун “Мыкты жаш адис” номинациясы боюнча 3 мугалим: математика мугалими А. Айылчиева (I орун), башталгыч класс мугалими Жаныбек кызы Эркайым (II орун), орус тили жана адабияты мугалими Н. Таштанова (III орун) катышышып, өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүп, көрсөтмөлүү ачык сабак жана мастер класстарын өтүштү.

Жылдын аягында жаш мугалимдердин бир (эки) жылдык эмгектеринин жыйынтыгы көрүнүп турду:

  • Журналдарды толтуруп, жазуу иштерин текшерүүнү, чейректик, экзамендин, жылдык бааларды коюуну толук өздөштүрүштү;
  • Күнүмдүк сабактын планын жазганды, электрондук окуу китептерин тажрыйбалуу мугалимдер менен бирдикте түзүүгө аракеттенип аякташты.
  • Гимназиянын ички тартибин жана эмгек тартибин сакташып, жоопкерчиликти сезе алышты.

 

  1. УКГнын ичинде өткөрүлгөн иш-аракеттер:

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Университетинин дээрлик бардык факультеттеринен жыл бою жуманын дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби күндөрү предметтер боюнча жана кураторлук иштер боюнча практиканттар менен иш алып барылды. Информатика кафедрасына жана ар бир мугалимине И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Университетинин деканаты тарабынан жана ректораты тарабынан ыраазычылык каттар берилди. Мындан сырткары 6 математика мугалимине, 1 биология мугалимине, 1 англис тили мугалимине, ТИ боюнча директордун орун басарына, 4 физика мугалимине, 6 башталгыч мугалимине ректорат тарабынан ыраазычылык кат берилди.

   Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери да практикадан өтүштү. 

 

  1. Быйылкы жылы гимназия 67 модифицирленген программа менен иш алып барды.
  • Информатика кафедрасы (7 программа)
  • Кыргыз тили жана адбияты кафедрасы (16 программа)
  • Математика кафедрасы (4 программа)
  • Химия-биология кафедрасы (6 программа)
  • Чет тили кафедрасы (33 программа)
  • Физика кафедрасы (1 программа)

 

  1. 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча билим сапаты боюнча маалыматтар тѳмѳнкүдѳй багыттар боюнча анализденди:

 

  1. Кафедралардын жалпы билим сапаты
  2. Кафедрадагы мугалимдердин сабак берген класстары боюнча билим сапаты
  3. Предметтердин класстар боюнча билим сапаты
  4. Тереңдетилип окутулган предметтер боюнча класстардын билим сапаты

 

Жылдын жыйынтыгы боюнча кафедралардын билим сапатынын мониторинги:

 

     Жылдын жыйынтыгы менен кафедралардын жыйынтык мониторинги жогорудагы көрсөткүчтү көрсөтө алды.  Мында эң жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн кафедра-бул маданият кафедрасы-97%. Бул кафедрада 5(дене тарбия, музыка, көркөм өнөр, чийүү, эмгек) предмет окутулат. Бул предметке окуучулардын кызыгуусу абдан жогору. Эң төмөнкү көрсөткүчтү физика-89% жана информатика-89% кафедралары көрсөттү. Бул көрсөткүчтү төмөн деп айта албайбыз. Окуучулардын эки предметке тең кызыгуусу жогору.

 

  1. Жогорудагылардан сырткары ар бир айда гимназиянын ички көзөмөлүндөгү:
  • сентябрь айында окуучулардын билимин алдын ала текшерүү боюнча;
  • көзөмөл учурундагы предметтерден  окуучулардын билимин текшерүү боюнча;
  • 5-класстар(октябрь айы)
  • 3, 8-класстар(ноябрь айы)
  • 2, 7-класстар(декабрь айы)
  • 7-класстарда физика предметинин окутулушу(январь айы)
  • 6, 10-класстар, 8-класстарда химия предметинин окутулушу(февраль айы)
  • Модифицирленген программалар менен окутулган-кеп маданияты жана   манастаануу предметтеринин өтүлүшү (март айы)
  • 4-класстар (апрель айы)
  • 9,11-класстардын алдын ала экзамендерине даярдыгын аныктоо (апрель айы)
  • гимназия ичинде өткөрүлгөн олимпиада боюнча;
  • кышкы экзамендерге;
  • жыл аягындагы кезектеги класска көчүрүү экзамендери;
  • мамлекеттик аттестациялоого тапшырмалар түзүлүп, түзүлгѳн тапшырмалар көзөмөлдөп, директор тарабынан бекитүүгө сунушталып турду.

 

  1. Бүтүрүүчү 11-класстын окуучуларынын арасынан 6 окуучу Эл аралык Кувейт университетине математика предмети боюнча олимпиадага катышышып, 2 окуучу грамоталар менен сыйланышты.
  2. Жыл ичинде гимназиянын мугалимдери ЭлТР дин «Илим-билим» каналында өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүп, предметтер боюнча сабактарды өтүп турушту. Атап айтсак, химия мугалимдери: З. Женалиева, Б. Алишерова, Г. Байзакова, Э. Мусаева, информатика мугалими Ибрагимов Жайнак, англис тили мугалимдери: А. Айтбаева, У. Чалпаков, Б. Балбаевалар.
  3. Гимназиянын 4-10-класстардын окуучуларынан(алды  беш предмет, аягы тогуз предметтен), 2034 окуучудан(берилген заявка боюнча) НОВА билим берүү мекемесинин БИЛИМ ТАНДОО, БААЛОО ЖАНА МОНИТОРИНГ БОРБОРУ жана 4, 7-10-класстардын окуучуларынан 1400 окуучудан(берилген заявка боюнча)  Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук тестирлөө борбору  тарабынан тестирлөө жүргүзүлдү. Жыйынтыктары директор алдындагы кеңешмеде каралып, анализденди.
  4. Адатка айлангандай март-апрель айларында «Жыл мугалими-2019» конкурсу төмөндөгүдөй номинациялар боюнча өткөрүлдү:
  • «Мыкты мугалим»
  • «Мыкты куратор»
  • «Мыкты жаш адис»
  • «Мыкты кабинет»

Конкурстун жыйынтыгында:

  • “Мыкты мугалим”- физика мугалими Г. Камчыбекова
  • “Мыкты куратор”- башталгыч класс мугалими М. Узакматова
  • “Мыкты жаш адис”-математика мугалими А. Айылчиевалар табылды.

Ал эми “Мыкты кабинет” конкурсунда ар бири, 5 кабинет тең өзүнүн мыктылыгын, оригиналдуулугун көрсөтө алышты.

  • №308 химия кабинети- Мусаева Элизат
  • №104 Тарых кабинети- Осекова Динара
  • №323 англис тили кабинети-Арунова Ырыскан
  • №322 англис тили кабинети-Чалпаков Улан
  • №232 орус тили жана адабият кабинети-Иманкулова Дамира

 

            Конкурстун жеңүүчүлөрү грамоталар менен сыйланышты жана шаардык конкурска катышпай, Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн конкурска катышууну Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигине кат менен кайрылуу жасадык.

Мындан сырткары 23 мугалим гимназия ичинде өткөрүлгөн “Мыкты электрондук окуу китеби” конкурсуна катышышты.

Жыйынтыгында 1-3 орунду ээлеген мугалимдер грамоталар менен сыйланды.

            Түзүлгөн электрондук окуу китебиндеги окуучулардын билимин текшерүүчү компьютердик тестирлөөнүн жардамы менен быйылкы окуу жылында кышкы экзамендер(кагаз түрүндө алынуучу тесттерди) алынды.

Жылдын жыйынтыгы менен:

  • педагогикалык кеңешменин;
  • директор алдындагы кеңешменин;
  • усулдук кеңешменин;
  • ата-энелер чогулушунун;
  • өндүрүштүк чогулуштун протолдору толук жазылып, тиркемелер үчүн папкалар толукталды.

            Жыл ичинде пландалган педагогикалык кеңешмелер толугу менен өткөрүлдү жана 3 тематикалуу доклад пландалган:

  1. Башталгыч класстын жаңы стандартарын ишке ашыруудагы жетишкендиктер жана өзгөчөлүктөрү (ОТИ б-ча д.о.б. М. Т. Жунусакунова)

эки доклад жүйөлүү себептер менен окулган жок, анын ордуна:

  1. Жалпы билим берүүчү мектептердеги 5-9-класстардын жаңы стандартынын өзгөчөлүктөрү (УИ б-ча д. о. б. М. Б. Асанова) деген темада доклад окулду.

            6-май-Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын күнү болгондуктан, салтанаттуу кече өткөрүлүп, коноктор чакырылды.  Коноктор үчүн ар бир кафедранын мугалимдери тарабынан кафедранын аткарган иштери боюнча көргөзмөлөр уюштурулду. Ошону менен бирге кафедранын мугалимдери жөнүндө маалыматтарды камтыган Фото стенддерддерди уюштурушту жана видеопрезентацияларды жасашты.

Гимназиянын окуу-тарбия процессиндеги аткарылып жаткан ар бир иш аракеттин(сабактан сырткаркы иш-чаралар, жолугушуулар, мугалимдер жана окуучулар үчүн өткөрүлгөн семинарлар) мазмунун чагылдырган сүрөттөр жана маалыматтар гимназиянын сайтына директор жана УИ боюнча директордун орун басары тарабынан (ncg.kg) өз убагында киргизилип турду.

2019-2020-окуу жылында гимназия аккредитациядан өтүүнү(мөөнөтү келгендигине байланыштуу) пландап турат, ага карата ар бир кафедра(10 кафедра бар) башчысы кафедранын акыркы беш жылда(2014-2019-окуу жылдары боюнча) аткарган иштеринин жыйынтыктары боюнча отчетторунун электрондук формасын даярдашты.

            Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиядан профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи болуп, жаңы окуу жылын (2019-2020-окуу жылын)  мектеп лицейдин өнүгүүсүнүн 3-этабы менен (өнүгүү этабы менен) баштоонун алдында турабыз.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru