Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын социалдык педагогунун 2018-2019-окуу жылына карата жылдык отчету

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын социалдык педагогунун иши 2018-2019-окуу жылына карата түзүлгөн пландын негизинде жүргүзүлдү. Жакшы натыйжаларга жетүү үчүн социалдык педагог төмөнкү багыттарга басым жасайт:

  1. Социалдык педагогдун жобосу, укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги

ишти пландаштыруу, жылдык, айлык пландарды иштеп чыгуу.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2010-жылдын 27-июлунун негизинде Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарындагы соц. педагогко коюлуучу квалификациялык талаптарды сактоо.

 

  1. Бардык курактагы балдардын социалдык жана жекече кѳйгѳйлѳрүн аныктоо максатында социалдык педагогикалык изилдѳѳ жүргүзүү.

 

  1. Окуучулардын жеке укугун коргоо.

 

  1. Окуучулардын инсандыгын формалаштыруу, үй-бүлѳгѳ социалдык педагогикалык жардам берүү.

 

  1. Жаштарга жана карыларга кайрымдуулук иштерин жүргүзүү.

 

  1. Окуучулардын социалдык укугун коргоо.

 

  1. Окуучулардын  социалдык баалуулуктарын аныктоо.

 

  1. Документтерди жаңылоо, тактоо, түзүү.

2018-2019-окуу жылы  документтерди жаңылоо, толуктоо,  тактоо, түзүү иштери менен башталды.

  1. Социалдык педагогдун  жылдык планы;
  2. Укук бузуулардын алдын алуу  боюнча жылдык план;
  3. 2018-2019 –окуу жылындагы окуучулар менен алып баруучу иштердин планы;
  4. 2018-2019 - окуу  жылындагы  социалдык педагогдун жаш өспүрүмдөр  тескөөчүсү менен алып  баруучу  иш-чаралардын планы;
  5. 2018-2019-окуу жылындагы  социалдык педагогдун жана мектеп  психологунун  биргелешкен иш планы;
  6. Жашы жете элек балдарга карата зомбулук жана катуу мамиле, жайсыз үй-бүлөлүк мамилелердин алдын алуу боюнча иш-чаралардын планы;
  7. Каттоодо турган балдар менен алып баруучу иштеринин планы;
  8. Зыяндуу көндүмдөрдүн алдын алуу боюнча иш планы;
  9. Мамлекеттик маалымат банкын түзүү жана окучулардын инсандыгын формалдаштыруу.
  1. Социалдык педагогдун адеп кодекси, «ишеним почтасы».

Социалдык адеп кодекси менен таанышу жана негизги соц. педагогдун принциптерин сактоо, жекече мамиле жасоо, балага ишеним берүү, калыстык мамиле жасоо.

«Ишеним почтасын» уюштуруу иш чаралары жүргүзүлдү.

  1. Ишеним почтасы гимназиянын биринчи этажында орноштурулду.
  2. Окуучуларга УКГда ишеним почтасы иштеп баштады деген маалымат- кураторлор аркылуу, жана интернеттеги социалдык тармактар аркылуу берилди.
  3. Ишеним почтасы сентябрь айында иштеп баштады.

 

  1. Окуучулардын социалдык абалын аныктоо

Окуучулардын социалдык абалы такталып, толуктоолор киргизилип, төмөнкү тизме түзүлдү:

  1. Көп балалуу                   13. Атасы иштейт             23. Атасы Афган окуясына
  2. Аз камсыз                      14. Апасы иштейт             24. Атасы Баткен окуясына
  3. Тоголок жетим              15. Атасы инвалид            25.  Атасы 7-апрель
  4. Жарым жетим                16. Апасы инвалид           26. Үйлөрү менчик
  5. Толук эмес үй-бүлө     17. Инвалид окуучу          27. Квартирада турат
  6. Ата-энеси чет өлкөдө    18. Иштеген окуучу         28.  Ата-энеси пенсионер
  7. Бирөөнүн колунда         19. Бекер тамактанат        29. Сырткы мигрант  
  8. Ички мигрант                 20. Мечитке барган окуучу           
  9. Апасы өзү тарбиялайт   21. 5маал намаз окуган окуучу
  10. Атасы өзү тарбиялайт   22. Ата-энеси аскер кызматкер

                                                                                                                                            

Класстык кураторлор менен бирге тыгыз байланышта иштешип, ар бир класстын социалдык паспорту түзүп, аныктоочу копиялары такталып, социалдык абалы боюнча  тизмелер алынды.

  Тизмелер анализге алынып, УКГнын 2018-2019-окуу жылындагы социалдык паспорту такталды

Соц абал

саны

Соц абал

саны

1

Көп балалуу

312

Атасы инвалид                

35

2

Аз камсыз

96

 Апасы инвалид            

15

3

Тоголок жетим

11

Инвалид окуучу     

3

4

Жарым жетим

126

Иштеген окуучу

3

5

Толук эмес үй бүлөө

243

Бекер тамактанат

1316

6

Ата энеси чет өлкөдө

95

Мечитке барган окуучу

72

7

Бирөөнүн колунда                        

108

5маал намаз окуган окуучу

17

8

Ички мигрант                                

33

Ата-энеси аскер кызматкер

44

9

Апасы өзү тарбиялайт

244

Хиджаб кийген

4

10

Атасы өзү тарбиялайт                    

54

Атасы Афган окуясына

5

11

Ата-энеси пенсионер                     

89

Атасы Баткен окуясына

12

12

Сырткы мигрант

44

Атасы 7-апрель

11

13

Атасы иштейт                

2348

Үйлөрү менчик

2427

14

Апасы иштейт                

1891

Квартирада турат

290

15

Сырткы мигрант

16

 

 

 

  1. Ата – энелер менен жекече иштөө:

            Милдеттер:

  1. Баланы тарбиялоо
  2. Окутуу
  3. Сабактарына катышуу
  4. Окуу процессинде пайда болгон көйгөлөрдү чечүү усулдары менен бөлүшүү.

           Тартип, эрежелерди, укук бузган, сабактан жетишпеген окуучулардын ата –энелери менен өзгөчө профилактикалык аӊгемелешүү жүргүзүлдү, жана консультация берилди. Ангемелешүүнун жыйнтыгына жараша ата энелерге тийешелү кеп- кеңеш берилди. Социалдык картага аӊгемелешүүнүн жыйынтыгына тиешелүү натыйжалар киргизилди.

Ата-энелер менен өткөрүлгөн иш чаралар.

Иш чаранын аталышы

Темасы

 Ата эненин саны 

Чогулуш

  • «Балдар күч колдонуу үчун эмес»»

 

180

 

«Ата-эненин милдеттери»

230

 

«Туура берилген кенеш – туура жашоо»

 

66

Семинар

  • « Балким сен бирөгөө жөн эле адамсын,а бирөгөө толгон ааламсын»

 

100

Консультация

  • Режимди сактоо, бала менен мамиле, тил табышуу. Окууну көзөмөлдөө. Багыт берүү. колдоо

76

Окуу процессине тартуу

  • Сабактарга катышуу
  •  

22

Милдеттеме алуу

  • Жоопкерчилике, көзөмөлдөөгө чакыруу
  •  

65

Консилиумга катышуу

  • Жетишүүсу, тартиби
  •  
  • жөнүндө,маалымат алуу

65

 

  1. Гимназия ичиндеги көзөмөлдө турган окуучулар менен жана коркунуч топтогу окуучулар менен иш алып баруу:

 

  1. Социалдык картасы менен таанышуу;
  2. Куратору менен аӊгемелешүү;
  3. Үй-шартын соц абалын изилдөө (рейд);
  4. Окуучуларга түшүндүрүү иштер жүргүзүү;
  5. Окуучуга мотивация берүү (ийримдерге тартуу);

Жыл ичинде мектеп соц. педагогу, класстын кураторлору  менен чогу жайсыз  үй-бүлөлөрдүн, ички көзөмөлдө, сабактан жетишпеген жана коркунуч топтог турган балдардын үйлөрүнө социалдык абалын изилдөө максатында рейд жүргүзүлдү.  Ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдардын окуусу үчүн түзгөн шарттары текшерилди. Окуучулардын жүрүм – турумуна байланышкан кыйынчылыктарды, чыр – чатактуу кырдаалдарды, жүрүм-турумундагы кемчиликти аныктоо максатынды кээ бир үй-бүлөлөргө аныктоо жүргүзүлдү. КДНдин каттосунда турган үй – бүлөлөргө изилдөө, байкоо жүргүзүлүп, алардын кураторлорунан жеке мүнөздөмө алынып, соц-психологиялык баракчалары толтурулду

Көзөмөлдө турган окуучулардын социалдык картасы менен таанышып, кураторлордон

жеке мүнөздөмө алынды. 6 кл-8 окуучусу, 9т -1 окуучунун үйлөрүнө рейд жүргүзүлдү.

Изилдөө

класс

Окуучунун саны

Рейд

6 кл

9

Рейд

1

 

Рейддин максаты:

  1. Сабактан жетишпеген окуучулар менен куратодун жекече иштөөсү.
  2. Гимназиянын айланасыда жашаган окуучулардын үйлөрүнө барып аңгемелешүү жүргүзүү

              Окуучулардын ата-энелери менен аӊгемелешип жыйынтыгында тиешелүү натыйжалар киргизилди.

 

Мектептин ички көзөмөлүндөгү  «Коркунуч» тобундагы, КДНдин каттосундагы окуучуларга изилдөө, байкоо жүргүзүлүп, алардын соц-психологиялык өздүк каттоо баракчалары толтурулду. Өзгөчө көзөмөл жүргүзүү жана жардам берүү максатында тийиштүү кызматтар менен жолугушуулар  уюштурулду. Социалдык жана психологиялык жардам берүү максатында үйлөргө барып үй-бүлөнү байкоо, изилдөө иштери жүргүзүлдү.

 Ички көзөмөлдө турган окуучулар менен жеке алдын алуу аңгемелешүүлөр жүргүзүлдү (мектептин уставы менен тааныштыруу, укук бузуучулук иш аракеттери жөнүндө). Гимназия ичиндеги ар түрдүү кружокторго, секцияларга, иш чараларга, тренингдерге, мектептин коомдук иштерине тартылды.

   Мектептин социалдык педагогу жана мектеп коллективинин алдын алуу ишинин натыйжасыда 2017-2018-окуу жылында төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды:

 ИДНдин көзөмөлүндөгү окуучулардын саны

Мектептин каттоосундагы окуучулардын саны

Сентябрь 2017

Жыл ичинде алынды

Жыл ичинде коюлду

Май 2018

Сентябрь 2017

Жыл ичинде алынды

Жыл ичинде коюлду

Май

2018

Окуучу 0

окуучу

9

  9

окуучу

0

окуучу

0 окуучу.

 

44

окуучу

4  үй-бүлө

44

окуучу

4 үй-бүлө

0

 үй-бүлө

 

  1. Сабактан жетишпеген окуучулар менен иш алып баруу.

Окуучулардын социалдык баалууулугун колдоо, сергек жашоого калыптандыруу жана айлана чөйрөгө болгон кызыгуусун арттыруу менен аяр мамиле жасоого багыт берүү максатында, төмөнкү иш чара жүргүзүнү туура деп чечтик.

Сабактан жетишпеген окуучулар менен аӊгемелешүү жүргүзүлүп,  жыйынтыгында тийешелүү натыйжалар киргизилип тиешелүү иш чараларды ишке ашырдык.

Окуучуларга мотивация берүү максатында «Футбол» ийрим жетекчиси менен бирдикте мектеп ичинде 8-10-класстардын арасында таймашуу уюштурулду.

Таймашуунун жыйынтыгы менен 9-май майрамына арналган жаш өспүрүмдөрдүн арасында өткөрүлгөн 3 күндүк футболдук матч  Бишкек шаарындагы футболдук клубдар жана мектеп ортосунда  матчтар өткөрүлдү. УКГнын окуучулары 1-орун алып, медальдар, кубоктор жана сыйлыктарга ээ болушту.

KFC мекемеси дуйнөлүк футбол чемпионатына карата апрель ичи KFC-батлл футболдук матчтар өткөрүлдү.  УКГнын окуучулары бул матчка катышып 2-орунга ээ болду.

Өткөрүлгөн иш чаралар төмөнкүдөй жыйынтык берди.

Сабактан жетишпеген окуучулар

Сабакка жетишүүсү жогорулады

Жыйынтык

25

15

70%

14

7

50%

 

«Келгиле окуйбуз» долбооруна биздин активдүү окуучулар катышышты жана ички көзөмөлдө турган 4 окуучу 1-2-3 орун алып, 1- 2-орун алган окуучулар Алма –Ата шаарына  барууга 2 путевка берилди, 3-орун алган окуучулар театрга билет берилди.

А. Салымбековдун «Ораторлук  маданият» долборуунун негизинде  жаш лидерлерин чакырып, биздин УКГнын окуучуларына 3 күндүк мотивациялык тренингдер өткөрүлдү.

Окуучулардын патриоттук сезимин ойготуу жана жашоого позитивдуу көз карашын жакшыртуу максатын көздөп, 6-класстардын ички көзөмөлдөгү 15 окуучусун « Көк бөрү» кинотасмасына куратор менен соц.педагог алып барды.

 

  1. Тартип бузуулардын алдын алуу иш-чаралары.
  1. Окуучулардан анкета алуу.
  2. Психологиялык кызматын активтештирүү.
  3. Алкоголдук ичимдик, тамеки, насвай чегүү темасындагы сурамжылоо анкеталарды алуу.
  4. «Менин укугум»  деген темада лекция өткөрүү.
  5. «Жоопкерчилик деген эмнеден башталат?» деген темада интеллектуалдык дебат өткөрүү.

Сурамжылоо анкеталардын жыйынтыгы.

№1

Сурамжылоонун темасы

класстар

Маалымат бар

Маалыматы жок

Маалыматы аз

Алкоголдук ичимдиктердин зыяндуулугу

8-11

92%

0%

8%

Тамекинин зыяндуулугу

8-11

79%

0%

21%

Насвай

8-11

80%

0%

20%

Снюс

8-11

72%

8%

20%

Вейп

8-11

56%

24%

20%

 Окуучулардын зыяндуу заттар жөнүндө маалыматы канаттандыралуу деп жыйынтыктадык. Окуучулар ата – энелери жаңы чыккан зыянду заттар жөнүндө толук малыматы жок экендиги жөнүндө окуучулар семинарларда билдиришти.  Снюз, вейп (электрондук сигарета), энергетикалык ичимдиктердин зыяндуулугу жөнүндө ата -энелерге маалыматты кенен берүү керек деп чечтик. Ата энелердин чогулушунда маалымат таркатуу жана алдын алу иш чаралары жүргүзүлдү.

№2 

Анкетанын темасы

Мектептин иши жөнүндө өз пикирин айтуу

Класстар

 

Ооба

Жок дей албайм, ооба

Ооба дей албайм, жок

Жок

 

Өз укугуңарды билесиңерби

7-11

87%

9%

4%

0%

 

Өзүңөрдү коопсуз сезесиңерби

7-11

74%

21%

5%

0%

 

Өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк барбы

7-11

79%

18%

3%

0%

 

Жакшы көргөн мугалим барбы

7-11

89%

8%

3%

0%

 

Лидер болууга мектепте мүмкүндүк барбы

7-11

69%

12%

11%

8%

 

Чыгармачылык менен алектенүүгө мүмкүндүк барбы

7-11

64%

23%

7%

6%

 

Өз милдеттериңерди билесиңерби

7-11

76%

18%

6%

0%

 

Жетишкендиктериңерди баалашабы, ошону түшүнөсүңөрбү

7-11

63%

22%

12%

3%

 

Ден соолукту чындоого уйрөтөбү

7-11

76%

23%

1%

0%

 

Өзүңөрдүн мүмкүнчүлүктөрүңөр менен жүрүм-турумду баалоого үйрөтөбү

7-11

57%

29%

4%

 

 

 

УКГнын иши жөнүндө окуучулардын пикирлери анкета аркылуу алынды, анкетанын жыйынтыгы боюнча УКГнын ичинде психологиялык коопсуздук сакталган, балдар өз укуктарын жана милдеттерин жакшы билишет, ден соолукту чындоо жакшы деңгээлде жүргүзүлөөрү аныкталды.

Өз алдынча иштеп лидер болууга, чыгармачылык  менен алектенүүгө мүмкүндүк барбы деген сурамжылоонун жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылды.

  1. Жаштарга жана карыларга кайрымдуулук иштерин жүргүзүү.

ОО «Билимге кадам» жамаатына социалдык жардамга муктаж окуучуларга гуманитардык жардам кайрылуу жаздык.

Кайрылуунун негизинде ОО «Билимге кадам» жамааты А. Молдокулов атындагы УКГнын гуманитардык жардамга муктаж окуучуларына жана кызматкерлерине кайрымдуулук иш-чараларын жүргүздүм.

Гуманитардык жардам

саны

Жардам

саны

Тоголок жетим

11

Бирөөнүн колунда

2

Жарым жетим

77

УСП, мугалим

80

Көп балалуу үй-бүлө

121

Ата энеси инвалид

5

Аз камсыз

78

 

 

Үй-бүлөдө жашоо шарты оор экендиги байкалган УКГнын  социалдык абалы начар окуучуларына жана эмгек жамаатына берилди.  Гуманитардык булактарды тартуу максаты ишке ашырылды.

  1. Семинарларга катышуу жана чыгып суйлөө

Менин  сунушум менен американын педагогикалык коллективи ОО « Билимге кадам» тарбия усулдары менен бөлүүшү долбоорунун максатында «Как сбываются и разбиваются мечты» темасында семинарга УКГнын 20 педагогу катышып, сертификат алышты.

Семинардын максаты  окуучуларга моралдык жана рухий маданият берүү, окуучуларга жакшы жолдуу тандоого үгүт берүү.

УКГнын «Маданият» жана «Орус тил» кафедрасына « Ата эне, мугалим, окуучунун ортосундагы мамиле» деген темасында семинар тренинг өткөрүлдү.

Жыйынтык:

 Жыл ичинде окуучулардын социалдык базасын жыйноо процесси ишке ашырылды, диагностикалык материалдык базаны толтурулду: анкеталар, тесттер, тарбия усулдардын жаӊы иштелмелер чогултулду.

 Иш чаралар учурунда юридикалык тараптан суроолор пайда болот, ата-энелерге жана кураторлорго мыйзам чегиндеги маалыматтар берилип, маалымат банкы толукталды.

Ар бир класстын социалдык паспорту түзүлүп, гимназиянын социалдык паспорту такталды.

 «Ишеним почтасы» уюштурулду

Тартип, эрежелерди, укук бузган, сабактан жетишпеген окуучулардын ата –энелери менен өзгөчө профилактикалык аӊгемелешүү жүргүзүлдү жана консультация берилди.

Мектептин ички көзөмөлүндөгү  «Тобокел» тобундагы, КДНдин каттосундагы окуучуларга изилдөө, байкоо жүргүзүлүп, алардын соц-психологиялык өздүк каттоо баракчалары толтурулду. Окуучулардан анкеталар алынып, зыяндуу заттар жөнундө көпчүлүгүнүн 80% маалыматы бар экени аныкталды.

Окуучулардын социалдык баалууулугун колдоо, гуманитардык жана социалдык коргоо үчүн төмөнкү кызматташуу жүргүзүлдү.

  1.  Мугалимдерге моралдык жана рухий маданият берүү усулдарын толуктап алышты.
  2. Үй-бүлөдө жашоо шарты оор экендиги байкалган УКГнын окуучуларына  жаш жана эмгек жамаатына гуманитардык булактарды тартуу максаты ишке ашырылды.
  3. Ички көзөмөлдөгү окуучулардын социалдык баалууулугун колдоо үчүн жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары жакшы көрсөткүч берди..
  4. Мотивациялык  трениндер өзүнө ишенүү багытты берди.
  5. «Келгиле окуйбуз» доолборунда ички көзөмөлдөгү окуучулар мыкты сыйлыктарды утуп алышты жана билим сапаты 70% болду.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru