«Чынгыз Айтматовду окуйбуз» акциясы УКГда башталды

       КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган иш чаранын алкагында профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиясында улуу жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматовду окуйбуз» акциясы өз ишин баштады.

         2018-жылды - ТУРКСОЙ уюму кылымдын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун жылы деп жарыялаган. Түрк тилдүү мамлекеттер арасында гана эмес, Европа, Азия мамлекеттеринин элдеринде сүйүп окулган атактуу жердешибиздин талантына таазим кылышкан Германиянын, Татарстандын, Азербайжан, Казах Республикасынын окурмандары «айтматовдук окууларды», анын өмүру жана чыгармачылыгына байланышкан иш чараларды уюшкандыкта өткөрүп жатышат. 

        УКГдагы «Айтматовдук окуулар мектеп жетекчилигинен тарта, бардык мугалимдерди, окуучуларды, техникалык кызматкерлерди жана ата-энелерди ичине камтып, окутуучу мугалимдердин аракети менен шаардын бардык тургундарын да ичине камтыйт.

       Ациянын жыйынтыгында  Ч. Айтматовдун үй-бүлөсү, бир туугандары, Улуттук Илимдер Академиясынын Ч.Айтматов институту жана залкар агабыз менен иштешип калган акын жазуучулар менен жолугушуу кечеси аркылуу жыйынтыкталмакчы. Акцияны андан ары жыл бою узартуу максатында шаардын мектептерине акция эстафетасы сапар алат. УКГнын педагогикалык жамаатынын пикири боюнча келерки эстафета шаарыбыздын А.Осмонов атындагы №68-мектепке узатылмакчы. 

УКГнын пресс Борбору 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru