профессор А.Молдокулов атындагы
Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи
бүтүрүүчү
Урматтуу УИТМЛдин педагогикалык жамааты, окуучулар, ата-энелер жана ошондой эле биздин быйылкы 2019-2020-окуу жылынын БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ!
Сиздерди быйылкы окуу жылынын аягына келип жетиши менен баарыңыздаржы чын жүрөктөн куттуктайбыз! Быйылкы жыл башка жылдардан абдан башкача, өзгөчө жылдардан болду десек жаңылыш болбойт. Анткени дйнодогу болуп жаткан апаат, таажы-вирус эпидемиясы биздин өлкөгө да анын ичинде билим берүү тармагына да өз таасирин туздөн-түз тийгизе алды! Арийне, биз ага карабай 4-чейректи билим берүү тарыхында биринчи жолу АРАЛЫКТАН ОКУТУУ РЕЖИМИ менен ийгиликтүү аяктап жатканыбыз баарыбызды кубандырбай койбойт!
Ушул кубанычыбыз менен бирге ары капалуу да болгон сезимдер бар экени эч кимге жашыруун эмес, анткени ар бир жылы болгон сыяктуу, быйыл дагы кезектеги БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ өз канаттарын кагышып, чоң турмуш жолуна аттанганы турушат! Андыктан биздин алтындай болгон 11-класстын бүтүрүүчүлөрүбүзгө АК ЖОЛ тилемекчибиз!!!