“Мен мекенимдин сакчысы”

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата 6-класстардын арасында “Мен мекенимдин сакчысы” темасында онлайн видеороликтер конкурсу болуп өттү.

Конкурстун максаты: окуучулардын Ата Мекенге болгон  сүйүүсүн, патриоттук сезимин жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү.

Калыстар тобунун калыс баалоолорунун негизинде, конкурстун жыйынтыгы  чыгарылып, төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:

I  орун - 6-б класс куратору Кошалиев Нурсултан Алымович

I орун - 6-е класс куратору Укеев Турар Капарбекович

II орун - 6-ж класс куратору Сейисова Гульнара Талантбековна

III орун  - 6-з класс  куратору Каимова Айнагүл Асановна

III орун  - 6-д класс  куратору Дыйканбаева Айгүл Тынчтыкбековна

III орун  - 6-в класс  куратору Садыбакунова Дамира Катточуевна

Ийгилигиңиздер кут болсун!

Конкурска  активдүү катышкан бардык класстардын кураторлоруна, окуучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен мындан аркы иштерине жана окууларына албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru