ЖЫЛ МУГАЛИМИ

2017-2018-окуу жылынын 15-16-март күндөрү гимназиянын жылдык планында пландалган ар жыл сайын мугалимдер арасында өткөрүлүүчү «Жыл мугалими»  кароо-сынагы:

  1. Жылдын мыкты мугалими
  2. Жылдын мыкты куратору
  3. Жылдын мыкты жаш адиси

номинациялары боюнча болуп өттү.

Кароо-сынактын максаты:

  1. Мугалимдердин кесиптик беделин жогорулатуу, анын кесиптик жана инсандык жактан өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн шарт түзүп берүү, таланттуу, чыгармачыл педагогдорду табуу.
  2. Билим берүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу.
  3. Педагогдордун эмгегин баалоо жана билим берүүнүн сапатын өркүндөтүү.

 

Жылдын мыкты мугалим номинациясынын криттерийлери:

  1. Презентация
  • Презентация кабинетте ѳзүңүздүн иш-кагаздарыңыз менен бирдикте(3-5 мүнѳт);
  1. Тест
  • Педагогикалык кырдаалдан чыгуу
  • педагогикалык жана методикалык тестирлөө
  • психология боюнча IQ тест

(тесттерди график боюнча белгиленген күнү тапшырышты)

  1. Эссе(Айыл аймактарын өнүктүрүү жылына карата 3 миң белгиге чейин камтыган). Белгиленген күнгѳ чейин алдын ала тапшырууңуздар зарыл.
  2. Ачык сабак
  • тема календарлык план менен дал келүүсү керек(сабак өтпөгөн класстар сунушталат)
  • канчанчы класска сабак бере тургандыгын катышуучу мугалим ѳзү тандайт, бирок кайсы класс экендигин калыстар дайындайт. Сабак-45 мүнѳт.
  1. Мастер класс. Предметке байланыштуу каалаган тема боюнча өтүлөт. 12-15 окуучу катышат. Сабак берген класстагы окуучулардан тандап алышат. 25 мүнөт(анын 5 мүнөтү суроо-жооп үчүн)
  2. Иш-кагаздары текшерүү(берилген критерийлер боюнча)

Жылдын мыкты куратору номинациясынын криттерийлери:

  1. Презентация
  • презентация кабинетте ѳзүңүздүн иш-кагаздарыңыз менен бирдикте стендтик(же слайдтык) формада (3-5 мүнѳт);
  1. Ачык сабак
  • тема план менен дал келүүсү керек
  • сабак-45 мүнѳт. Ѳзүнѳ анализ берүү, калыстардын суроолоруна  жооп берүү-5 мүнѳт
  1. «Мастер класс»
  • Мастер класстын регламенти-25 мүнѳткѳ чейин(5 мүнѳтү суроолорго жооп берүү)
  • Формат: окуучуларга, же мугалимдерге, же ата-энелерге
  1. Иш-кагаздары текшерүү(берилген критерийлер боюнча)

 

Жылдын мыкты жаш адиси номинациясынын криттерийлери:

  1. Презентация
  • презентация кабинетте, ѳзүңүздүн иш-кагаздарыңыз менен бирдикте стендтик(же слайдтык) формада (3-5 мүнѳт) ѳтѳт;
  1. Ачык сабак
  • тема календарлык план менен дал келүүсү керек
  • канчанчы класска сабак бере тургандыгын катышуучу мугалим ѳзү тандайт, бирок кайсы класс экендигин калыстар дайындайт.
  • Сабак-45 мүнѳт. Ѳзүнѳ анализ берүү, калыстардын суроолоруна  жооп берүү-5 мүнѳт
  1. «Мастер класс»
  • Мастер класстын регламенти-25 мүнѳткѳ чейин(ушунун 5 мүнѳтү суроолорго жооп берүү)
  • Форматы: окуучуларга, же мугалимдерге, же ата-энелерге
  1. Иш-кагаздары текшерүү(берилген критерийлер боюнча)

 

Конкурстун жүрүшү боюнча тартылып алынган көз ирмемдер:

 

   

  

    

 

  

     

 

    

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru