Сергек жашоо образын түзүү
Профессор А.Молдокулов атындагы УИТМЛнин 6-класстарынын окуучуларына ЮНИСЕФ тарабынан ден соолукка туура кам көрүп СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫН түзүү боюнча кызыктуу тренинг өтүлдү. Тренингде санитардык гигиеналык эрежелерди сактоо, туура тамактануу, дайыма дене көнүгүлөрүн жасоо, убакытты туура пайдалануу жана ар кандай зыяндуу заттардан ( электрондук тамеки, насвай, ж.б.) алыс болуу менен ден соолукка туура кам көрүү боюнча жакшы кеңештер берилди.