Биз бир өлкөнүн атуулдарыбыз

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата  5-класстардын арасында конкурс болуп өттү.     
Конкурстун максаты: эне тилдин улуулугун, ар бир улуттун тарыхын, маданиятын билүүгө жана динин сыйлоого, алар менен достук мамиледе болууга үйрөтүү менен эне тилдин өсүп-өнүгүшүнө салым кошууга, аны даңазалап даңктоого тарбиялоо.
Конкурста ар бир класс өздөрүнө бөлүнгөн улуттун тилинде саламдашуу маданиятын көрсөтүп, улуттук бийин бийлеп жана улуттук тамак-аштары менен тааныштырып, маалыматтарды берип өтүштү. Ар бир тапшырма чоң жоопкерчилик менен аткарылып, конкурс жогорку денгээлде болуп өттү. Жыйынтыгында төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:
I орун - 5-т3 класс, куратору Дүйшекеева Сүйүн Кубанычбековна
II орун  5-т2 класс, куратору Өзүбекова Нурзат Кубанычбековна  
II орун  5-м3 класс,  куратору Садыраалы кызы Рыскан
III орун - 5-т3 класс,  куратору Чалпаков Улан Сарсенбекович 
III орун 5м4 классы, куратору Гыязова Жылдыз Суюналиевна
 
Ийгилигиңиздер кут болсун!
Конкурска катышкан бардык класстардын кураторлоруна, окуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru