20-июнда Улуттук компьютердик гимназияда 2017-2018-окуу жылындагы 9-класстарга жалпы негизги билим жөнүндөгү күбөлүк тапшыруу аземи болуп өттү

       Бүгүн профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда 2017-2018-окуу жылындагы 9-класстарга жалпы негизги билим жөнүндөгү күбөлүк тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу аземди УКГнын директору Касымалиев Муратбек Үсөнакунович куттуктоо сөзү менен ачты. Бул салтанаттуу линейкага гимназиянын администрациясы, мугалимдер жамааты,

9-класстын бүтүрүүчүлөрү жана  ата-энелери  катышышты. Директордун куттуктоо сөзүнөн кийин  9-классты өзгөчөлөнгөн кызыл күбөлүк менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө жалпы негизги

билим жөнүндөгү күбөлүктөрү тапшырылды.

      Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринин атынан сөзгө чыккан ата-энелер балдарына терең  билимин  берген жана мээримин төккөн мугалимдерге жана мектепке ыраазычылыктарын билдирип 

сөз сүйлөштү. Ошондой эле кураторлор дагы бүтүрүүчү окуучуларга бекем ден соолук, узак өмүр, ийгилик жана келечегине ак жол каалашты.

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru