“БИЛИМ БЕРҮҮДӨ САНАРИПТЕШТИРҮҮГӨ ѲТҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫ”

Улуттук компьютердик гимназиянын Өнүктүрүү концепциясын  иштеп чыгууда мектептеги билим берүүдѳ санариптик билим берүү багыттарына ѳтүүнүн системалык өзгөртүү стратегиясы тандалып алынды. Бул стратегия мектепти билим берүү мекемеси катары толук реконструкциялоону көздөйт да иш-аракеттин бардык компоненттерин (максаттарын, мазмунун, уюштурууну, информациялык технология ж.б.), бардык структураларды, алардын бөлүктөрүн, байланыштарын, звенолорун камтыйт. Тандалып алынган стратегия Кыргыз республикасынын туруктуу өнүктүрүү стратегиясында 2040-жылы билим берүү багытында дүйнөнүн эң мыкты 50 мамлекетинин катарына кирүү милдеттерин аткаруудагы мектептеги окуу практикасындагы конкреттүү кадамдар деп эсептейм. Тандалып алынган стратегия Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бардык билим берүү мекемелеринин алдына койгон - эң актуалдуу милдеттеринин бири.

Мына ушул коюлган милдеттерге ылайык Улуттук компьютердик гимназияны ѳнүктүрүү программасына толуктоолор киргизилди. Азыркы учурдагы орто мектептерди компьютердик техникалар менен жабдылышын камсыз кылуу аркылуу, мугалимдерди окуу процессинде компьютердик технологиянын пайдалануу боюнча компетенттүүлүктѳрүн жогорку денгээлдерге жеткирүү аркылуу жалпы мектептеги мугалимдеринин максималдуу билим сапатын кѳтѳрүүгѳ  жетишүү боюнча окутуу методикалык иштери жүгүзүлүп жатат.

Алар төмөнкүлөр:

  1. Улуттук компьютердик гимназиянын (УКГ) класстарынын багыттарына жараша окуу планын, атайын окуу модифицирленген окуу программаларын түзүү жана предметтер боюнча электрондук окуу методикалык куралдарын иштеп чыгуу менен автордук окутуу программаларын иштеп чыгууга жетишүү;
  2. 2040-жылга чейинки өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясына туура келген «Стратегиялык максат – билим берүүсү ѳнүккѳн 50 ѳлкѳнүн бири болуу» милдетинин багыттарынын негизинде төмөндөгүдөй окуу методикалык иштерди жүргүзүү:

- окуу процессинде предметтер боюнча динамикалык текшерүү тесттери жайгашкан электрондук окуу китептерин түзүү жана колдонуу методикасын иштеп чыгып, окуу процессинде  практикалык апробациядан 2018-2019 окуу жылында ѳткѳрүү;

- электрондук окуу китептерин, компьютердик тесттерди түзүүчү информациялык системаны мугалимдерге окутуп үйрөтүү боюнча тренинг семинарларды уюштуруу;

- «электрондук мектеп» информациялык системаны ишке киргизүүгө керек болгон жумуштарды баштоо, бул системаны УКГнын базасында апробациялоо жана толук түрдө мектептин окуу процессин башкарууга киргизүү боюнча жумуштарды аткаруу;

- педагогикалык коллективди «электрондук мектеп» информациялык системасы менен иштөөнү үйрөтүү жумуштарын уюштуруу;

  1. Окуу процессин жаңы санариптик технологиялардын жардамы менен жүргүзүү, мультимедиялык программаларды колдонуу, дистанттык окутууну пайдалануу;
  2. Мектеп-ЖОЖ байланышын чыңдоо, табигый-техникалык жана гумманитардык багыттагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен тыгыз байланышта иштөө;
  3. Зээндүү окуучуларды тандоо жана аларды кабыл алуу шарттарын компьютердик тестирлөөнүн негизинде иштеп чыгуу;
  4. УКГнын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, зээндүү балдардын өз алынча компьютердик технологияны пайдалануу аркылуу окуусуна толук шарттарды түзүү;
  5. Мугалимдерди конкурсттук негизде кабыл алуу;
  6. Профилдик класстарга кошумча билим берүү.

2018-жылдын май айынан баштап азыркы мезгилге чейин УКГга 75 окуу компьютерлери алынды. Мультимедиялык лаборатория ачылып, анда коюлган 20 компьютер жогорку ылдамдыктагы (40 Мб сек. чейинки) интернет булактарына Кыргызтелеком аркылуу туташтырылды. Интернет провайдерлери HOME line, АКНЕТ женилдетилген баада кызматтарын кѳрсѳтүшүүдѳ. Жай мезгилинде эс алуу күндѳрү болсо дагы мугалимдер электрондук  китептерди түзүү боюнча маалыматтарды окуу программаларына ылайыктап түзүү боюнча SUN-RAV системасына киргизүүдѳ редакциялоо жумуштарын аткарышты. Компьютердик класстардагы жаңы алынган 39 окуу компьютерлери дагы интернет булактарына туташтырылган. Ошондой эле Бүткүл дүйнѳлүк банк тарабынан орто мектептерде билим берүү тармагындагы «Электрондук китепкана» долбоору боюнча 20 окуу компьютери, бир сервердик станция, 4 ноутбук, 4 видеопроектор. Берилген компьютердик техника мектеп китепканасынын ичине орнотулуп, интернет булагына туташтырылды. Ошентип, Улуттук компьютердик гимназиянын мугалимдери жана окуучулар үчүн окуу компьютерлеринде сабактарга даярданууга шарттар түзүлдү.

Билим берүүнү модернизациялоо – бул коомчулуктун жигердүү катышуусу менен иш жүзүнө ашырылуучу масштабдуу мамлекеттик программа. Ал Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын азыркы мезгил талабы болгон суроо-талаптарын, мамлекеттин жашоосунун сапатынын перспективасын канааттандыра тургандай болушу абзел.  Коюлган талаптарды  эске алуу менен биздин гимназия жашоонун азыркы шарттарына ылайык профилдик жалпы билим берүүчү мекемелердин көп профилдүү, адаптацияланган моделине ылайыкташат.

Улуттук компьютердик гимназиянын конкуренттүү артыкчылыктары.

- Профилдик багытта электрондук окуу китептеринин негизинде билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү.

- «Электрондук мектеп» информациялык системасындагы кызматташтыктын ачыктыгы.

- Бүтүрүүчүнүн билим берүү, информациялык-коммуникативдик жана социалдык      компетенттүүлүгүнүн деңгээлинин жетиштүүлүгү.

- Сабактан тышкаркы иштердин активдүү иштеген системасы, гимназиянын салт-санаасы жана социумдардын өз ара аракеттенишүүсү;

- Азыркы заманга ылайык педагогикалык технологияларды жана инновациялык ишмердиктерди пайдалануу;

- Жогорку квалификациялуу педагогикалык жамаат;

- Окуучулардын жеке жетишкендиктери.

 

Өнүгүү программасы төмөндөгү милдеттердин  аткарылышын аныктайт:

  • УКГнын негизги багыттарынын иш- аракеттерин  жаңылантуу;
  • УКГнын негизги багыттарынын иш чарасын кайрадан карап чыгуу менен бирге жаңылануу моделин түзүү;
  • жөндөмдүү окуучуларга көңүл бурууну түзүү жана күчөтүү;
  • индивидуалдуу билим берүү маршрутун түзүү;
  • вариативдик билим берүү программаларын иштеп чыгуу;
  • психологиялык кызматтын иш- чарасын өнүктүрүү жана активдештирүү;
  • окуучу менен индивидуалдуу  иш алып баруу үчүн электрондук окуу китептеринин негизинде иш жүзүнө ашыруу;
  • мугалимдердин  информациялык-коммуникативдик технологияларды колдоно билүүсүн  иш жүзүнѳ ашыруу менен андан ары өнүктүрүү;
  • тереңдетилген багыттуу билим берүүнү ЖОЖдор жана башка билим берүү уюмдары менен кызматташуу аркылуу күчөтүү;
  • жогорку квалификациядагы мугалимдерди илимий-практикалык иштерге тартуу;
  • окуучулардын тандоосу боюнча элективдик курстардын түзүлүшү;
  • окутуунун лабораторияларын жабдууну модернизациялоо.

 

 

Улуттук компьютердик гимназиянын ѳнүгүү программасынын негизги идеясы

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын негизги максаты-окуучуларга ар тараптуу, багыттуу билим берүү программалары менен окутуу аркылуу окуу ишмердүүлүгүн дифференциациялоо менен окуучулардын жекече жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү шартындагы окуу чөйрөсүн түзүү.

УКГнын билим берүү чөйрөсү ар бир бала өзүнүн жөндөмүнө, кызыкчылыгына карата индивидуалдуу билим берүү маршрутун түзүп алууга жана сапаттуу билим алуу үчүн көп варианттуу компоненттен түзүлүшү зарыл.

Белгиленген класстык системанын негизин сактоо аркылуу жөндөмдүү окуучулар үчүн жекелештирилген билим берүү маршрутунун түзүлүшүнүн технологиясын жана усулдук ыкмаларын иштеп чыгуу УКГнын негизги приоритети болуп саналат.

Жөндөмдүү окуучулар үчүн жекелештирилген билим берүү маршруттарынын түзүлүшү алардын инсан катары өзүн-өзү жетилүүсүнө, аң сезиминин өсүшүнө, социалдык, экономикалык чөйрөдө өзүн оптималдуу калыптанышына даярдоого чоң өбөлгө түзөт.

 Улуттук компьютердик гимназиянын өнүгүүсүнүн артыкчылыгы жакынкы 5 жыл ичинде:

  • Бардык окуу предметтери боюнча жандуу жогорку деңгээлдеги электрондук китептерди түзүүгѳ жетишүү жана бул багытта жүгүзүлгѳн методикалык иштер боюнча илимий практикалык конференцияларда алдыңкы тажрыйбалар менен Республиканын аймактарындагы башка мектептер менен бѳлүшүү;
  • Билим берүүнүн “Электрондук мектеп” информациялык системасын апробациядан ѳткѳрүү жана электрондук окуу китептеринин негизинде берилген билимдердин жаңы сапаттарын камсыздоо;
  • Билим сапатын деңгээлдери боюнча конкуренттүүлүктү, ийкемдүүлүктү камсыздоо;
  • Санариптик атуулду даярдоодогу инновациялуулук.

Улуттук компьютердик гимназиянын жаңы багыттары жана стратегиялары

1. Гимназиянын окуу планы. Лицейдин окуу планын билим берүүнүн профилдик багыты боюнча оптималдаштыруу. Бул үчүн окутуу убактысынын жумалык жүктөмүнүн элективдик компонентин (тандоо боюнча предметтер) өркүндөтүү менен көбөйтүү жагын карап чыгуу. Бул учурда тандалып алынган предметтер, мисалы, англис тили, информатика предметтери электрондук варианттары менен коштолот да, билимдерди текшерүү компьютердик тестирлөөнүн жардамы менен жүгүзүлөт (Online режиминде уюштуруу практикаланат).

Ошентип, мугалимдин жетекчилиги астында электрондук окуу материалдардын негизинде окуучулардын өз алдынча иштеп өнүгүүсүн камсыз кылуучу дидактикалык материалдар түзүлөт.

Бул айрыкча, ар бир кыргызстандык санариптик аттуулдун деңгээлине жеткирүүдөгү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2018 жылы коюлган санариптик өзгөртүү программасынын милдеттерине туура келет.

2. Билим берүүнүн мазмуну –  жаңы предметтик стандарттын негизинде электрондук билим берүү ресурстардын жардамы аркылуу билим берүүнүн сапаттуулугун этаптар менен калыптандыруу жана жогорулатуу:

- ар бир мугалим информациялык система менен иштегенди билүсү зарыл (электрондук окуу китебин түзүүчү информациялык система, электрондук окуу китебинин ичинде динамикалык компьютердик тесттин варианттарын түзө алат);

- ар бир мугалим окуучулардын өз алдынча иштөөсү үчүн бир катар предметтер боюнча электрондук дидактикалык материалдарды түзөт жана бул материалдарды республиканын бардык мектептеринде кошумча окуу материалы катарында таратып колдонсо болот;

- ар бир мугалим билим берүүнүн сапаттуулугун текшерүү үчүн мониторинг жасоонун жаңы методдорун колдонушат (компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктарын жана предметтер боюнча оозеки сурамжылоонун жыйынтыктарын анализдөө). Бул аткарыла турган жумуштар билим берүүнүн жыйынтыктары жогорку деңгээлде болушун камсыз кылат.

3. Окуу-тарбия иштерин уюштуруу – электрондук мектеп информациялык системасын багыттар боюнча оптималдуу колдонуу:

- бардык предметтер боюнча окуучулардын класстык электрондук журналын жана күндөлүгүн киргизүү ( интернет сайт аркылуу ата энелер окуучулардын күнүмдүк журналдагы жана күндөлүктөгү баалары менен таанышып турат, ошондой эле тигил же бул предметтер боюнча мугалимдердин көрсөтмөлөрүн окуп, окуучуга өздөрүнүн жардамдарын берип турушат);

- электрондук мектеп информациялык системасында окуучулардын терезесинде ата энелер менен билим берүүнүн сапатын жогрулатуу боюнча тескери байланышты уюштуруу;

- мектеп ичинде гимназисттер үчүн Online режиминде электрондук китепкана түйүнүн түзүү (мында ар бир колдонуучу өз алдынча каттоочу логинге ээ болот);

- окутуунун жарым жылдык жыйынтыгы боюнча окуучулар жана ата энелердин анкеталык сурамжылоо аркылуу билим берүүнүн сапаттуулугу жана ыңгайлуулугунун деңгээлдерин аныктап туруу.

4. Гимназиядагы аткарылуучу илимий-практикалык жумуштар:

- тандалып алынган предметтерди окутуу боюнча окуу процессине илимий даражалары бар (илимдин кандидаттары, докторлор ж.б.) окутуучу педагогдорду тартуу. Булар илимий багыт боюнча тандалып алынган предметтин практикалык жактан колдонулушун тереңдетип окутуу боюнча окутуу иштерин алып барышат;

- гимназияда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн илимий кызматкерлер менен бирдикте илимий-педагогикалык эксперименттерди жүгүзүү;

- гимназияда илимий-практикалык жыйынтыктарды кеңири жайылтуу максатында республикалык, эл аралык семинарларды өткөрүү жана катышуу.

5. Өз алдынча билим алуунун өнүктүрүү: гимназиянын электрондук билим берүү ресурстарынын негизинде окуучулардын өз алдынча билимин жогорулатууга шарттарды түзүү. Online режиминдеги окуу китептерин пайдаланууга, компьютердик тестирлөөгө катышууга шарттарды түзүү.

6. Педагогикалык коллектив менен аткарылуучу жумуштар:

- предметтер боюнча окутуунун программаларын деңгээлдерин аныктоо менен алган билимдердин сапаттулугун жыл ичинде текшерип туруу мониторинг уюштуру туруу;

- гимназиянын ар бир окутуучу мугалимдери менен үзгүлтүксүз окуу-методикалык жумуштарын жүгүзүү жана багыттар боюнча өз алдынча билимин жогорулатуусуна көз салуу;

- педагогикалык коллектив менен электрондук билим берүү ресурстарын түзүү жана колдонуу боюнча активдүү жумуштарды алып баруу: компьютердик информациялык системада электрондук окуу китептерин, анын ичинде компьютердик тесттерди түзүп, колдонгонду билүү, алынган жыйынтыктарды анализдөө менен окуучуларга андан ары кандай окуп жыйынтыктарды жогорулатса боло тургандыгы туурасында кенештерди бере билүү, ата энелер менен информациялык системанын негизинде тыгыз байланышты уюштура билүү;

- педагогикалык коллективде ынтымактуу жигердүү иштөө атмосферасын түзүү жана структуралардын иштөөсүнүн активдүү информациялык мейкиндикте макулдашылган ыңгайда жумуштарды алып баруусуна шарттарды түзүү.

7. Сапаттуу билим берүүнүн алдыңкы жыйынтыктары:

- Республика боюнча жүгүзүлүүчү предметтер боюнча олимпиадага активдүү катышып алдыңкы жыйынтыктарга жетишүү.

8. Гимназиянын материалдык-техникалык базасы:

- окутуунун заманбап талаптарына ылайык лицейдин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо,  ошондой эле инвестицияларды тартуу тажрыйбасын анализдеп көрүп практикалоо;

- Ар бир класстын ичинде интернетке туташкан компьютер, видеопроектор менен камсыз кылуу. Бул электрондук мектептин эң биринчи талабы.

Жогоруда келтирилген Улуттук компьютердик гимназияны чыңдоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2018 жылы коюлган санариптик өзгөртүү программасынын милдеттеринин негизинде иштелип чыкты жана тѳмѳндѳгү этаптарды камтыйт.

Улуттук компьютердик гимназиянын өнүгүү  этаптары

(2018-2023–жж.)

 

п/п

Этаптар

Мөөнөтү

Жаңылануу процесси

I

Жаңы темага өтүү. Даярдоо этабы

2017-ж ноябрь

“Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн орто мектепте билим берүүчү информациялык чөйрөнү калыптандыруу” жаңы темасын киргизүү менен бирге УКЛдин педагогикалык–психологиялык проблемасын тактоо.

II

Изденүү этабы

2018-2019- окуу жылында

«Электрондук мектеп» информациялык системасын окуу процессине киргизүүнүн алгачкы этаптарын иштеп чыгуу;

Ар бир окуу предметтери боюнча электрондук версиясын түзүү боюнча методикалык редакциялык жумуштарды активдүү баштоо (SunRav системасында);

Мектептин информациялык чөйрөсүн этаптар боюнча калыптандыруунун моделин түзүү;

Физика-математика, информатика, кыргыз тили жана адабияты (кеп маданияты, манас таануу, Орто Азия адабияты, Чыгыш адабияты, дүйнѳ адабияты), тарых,  англис, немис, кытай жана жапон тилдери, химия-биология, география предметтеринен модифицирленген программаларды түзүү жана электрондук версиясын электрондук окуу китебинин мазмунуна ылайыктоо; эксперименталдык аянтчаларды ачуу, предметтик ресурстук борборлордун ачылышы, таланттуу окуучулардын клубун ачуу;

III

Өнүгүү этабы

2019-2021-окуу жылдары

Математика-физика жана информатиканын тереңдетилип окутулушу, турмуш тиричилик коопсуздук негиздери, немис тили, элективдик курстар, химия-биологиянын тереңдетилип окутулушу, интернат алдында атайын курстардын кеңири ишке ашырылышы жана тереңдетилиши. «Электрондук мектеп» информациялык системасын окуучулардын өз алдынча иштөөсүн өнүктүрүүдө кеңири жеткиликтүү пайдалануу.

IV

Жыйынтыктоо этабы

2021-2022- окуу жылдары

Мектептин информациялык чөйрөсүн калыптандыруу боюнча эксперименталдык жумуштар. Мектептин информациялык чөйрөсүн калыптандырууда уюштуруу-педагогикалык шарттарынын эффективдүүлүгүн баалоо.

Модифицирленген жана автордук программаларга кошумча окуу куралдарынын чыгышы: аз тираждуу атайын китептер, колдонмолор, рекомендациялар, тесттер жыйнагы, чыгармачылык отчет. Электрондук китепкана. Ар бир кафедранын маалыматтарын электрондук китепканага киргизүү.

 

УРМАТТУУ МУГАЛИМДЕР!

СИЗдерди жаңы 2018-19 окуу жылында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан коюлган санариптик өзгөртүү программасынын милдеттерин практикалык окуу процессинде иш жүзүнѳ ашырууда албан жетишкендиктерди каалайм.

Кыргызстан сѳзсүз түрдѳ БИЛИМ берүүсү ѳнүккѳн 50 ѳлкѳнүн бири боло алат. Ал үчүн Бардык педагогдор талбай чыгармачылык менен иштѳѳбүз зарыл. Билим берүүдѳгү санариптик технологияны ѳнүктүрүү бул биздин – келечегибиз!

Улуттук компьютердик гимназия ѳз иш тажрыйбасы менен бардык орто мектептин мугалимдери менен бѳлүшкѳнгѳ даяр.

Биздин дарегибиз: www.ncg.kg, ncg5@inbox.ru

 

 

Улуттук компьютердик гимназиянын директору, педагогика илимдеринин кандидаты                  М.У.Касымалиев

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru