УЛУТТУК КОМПЬЮТЕРДИК ГИМНАЗИЯ БИЛИМ КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

 

УЛУТТУК КОМПЬЮТЕРДИК ГИМНАЗИЯ БИЛИМ КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

        Бүгүн 1-сентябрь күнү (аяк оона айы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ”Билим күнү” белгиленип жатат. Салтка айланган майрамды Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан  90 жылдык тарыхы бар даңазалуу Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын мугалимдери, окуучулары жана ата-энелери кызуу белгилешти. Билим күнүнө арналган салтанат мектептин ички короосунда өтүп, мектеп астанасын жаңыдан аттап келишкен бөбөктөрдүн шаңдуу үндөрү менен коштолуп турду.

        Салтанаттын алдында Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырып, алып баруучулардын ишаараты менен барабандын коштоосунда гимназиянын желеги желбиреди. Улуттук компьютердик гимназиянын туусун мектепте үлгүлүү жүрүм-туруму жана окууда жетишкен ийгиликтери менен айырмаланган эң мыкты гимназисттер – 11-м2 классынын окуучусу Назаралиев Шерназ, 11-м1 классынын окуучусу Майрамбек уулу Айдарбек, 11-м2 классынын окуучусу Куштарбек уулу Жеңиш, 11-т классынын окуучусу Карабаев Даниярлар сыймыктануу сезими менен аянттын чок ортосуна алып чыгышты.

Алгачкы куттуктоо сөзү менен гимназиянын директору, педагогика илимдеринин кандидаты Муратбек Үсөнакунович Касымалиев агай сөз сүйлөп, мугалимдер жамаатын, ошондой эле гимназиянын окуучуларын Билим кунү менен куттуктап, жалпы педагогикалык процесстин катышуучуларына ийгиликтерди каалап кетти. Өз сөзүндө мектеп директору Улуттук компьютердик гимназиянын Өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууда мектептеги билим берүүдѳ санариптик билим берүү багыттарына ѳтүүнүн системалык өзгөртүү стратегиясы тандалып алганын баса белгилеп, бул стратегия мектепти билим берүү мекемеси катары толук реконструкциялоону көздөөрүн, иш-аракеттин бардык компоненттерин (максаттарын, мазмунун, уюштурууну, информациялык технология ж.б.), бардык структураларды, алардын бөлүктөрүн, байланыштарын, звенолорун камтып тургандыгын айтып өттү. Тандалып алынган стратегия Кыргыз республикасынын туруктуу өнүктүрүү стратегиясында 2040-жылы билим берүү багытында дүйнөнүн эң мыкты 50 мамлекетинин катарына кирүү милдеттерин аткаруудагы мектептеги окуу практикасындагы конкреттүү кадамдар деп эсептерин билдирди. Азыркы учурдагы орто мектептерди компьютердик техникалар менен жабдылышын камсыз кылуу аркылуу, мугалимдерди окуу процессинде компьютердик технологиянын пайдалануу боюнча компетенттүүлүктѳрүн жогорку денгээлдерге жеткирүү аркылуу жалпы мектептеги мугалимдеринин максималдуу билим сапатын кѳтѳрүүгѳ жетишүү боюнча окутуу методикалык иштери жүгүзүлүп жатканын билдирип, окуучуларга, жалпы педагогикалык жамаатка ийгилик каалады.РОБО

Андан сон "РОБОТОТЕХНИКА" LEGO Кыргызстан боюнча ѳкүлдѳрү келишип 4-7 класстардын окуучулар үчүн атайын курстун мазмунун практика жүзүндѳ кѳрсѳтүшүп кеңири айтып беришти. Ата энелерге эгерде бул курска жазылышса кандай артыкчылыктарга окуучу балдар жетишээри роботторду иштетүү менен практикада алгоритмдештирүү боюнча кандай билимдерге ээ болушаары туурасында мазмундуу маек куруп беришти.

Салтанатту иш-чарада билим очогунун тарбиялануучулары өз кезеги менен түрдүү ыр-бийлерди аткарышып, майрамдык салтанатка өзгөчө шаң кошуп турушту. Мындан соң 1-класстын босогосун аттаган жаш жеткинчектерди тааныштырууга кезек келип, аянтка окуучулары менен Эл агартуунун отличниги 1-а класстын класс жетекчиси Шайбекова Чынара Сагындыковна, 1-б класстын класс жетекчиси - мугалими Эл агартуунун отличниги Абыкова Гүлнара Табылдиевна, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасынын ээси – Иманалиева Турсунай Жээнбековна, 1-г классынын мугалими Молдалиева Жумагүл Конокбаевна, 1-д классынын мугалими – Урсеитова Чынаркүл Сакеновна, 1-е классынын мугалими – Кидикова Астра Сагынбековналар чакырылып, тааныштырылды. Кезек “Биринчи коңгуроону ” урууга да келип жетти. Биринчи коӊгуроону кагуу үчүн1-класстын окуучулары:

 Рыскелди  кызы Роза,

 Караталова Аделина,

Эгембердиев  Чынгыз,

 Курманбеков Семетей                               

11-класстын окуучулары 

11м1  классынын  окуучусу Бекмаматова  Фатима, 

11м3 классынын  окуучусу  Эдилбек  уулу Нургазы

11 га классынын  окуучусу  Ашырбай  уулу  Азирет аянтчага чакырылып, биринчи коңгуроо кагылды. Мындан соң окуучулар класстарга киргизилип:

1-2-класстар үчүн  «Менин кичи мекеним” темасындагы    биринчи сабак өтүлдү.

5-8-класстар үчүн “Биз тоолордо жана тоолор арасындагы өрөөндө жашайбыз – бул биздин ата-бабабыздын жери- Ала –Тоо.....” аттуу темада ачык сабак,

9-11-класстар үчүн “Мекенимдин тагдыры” аттуу темаларда ачык сабактар өтүлдү.

 

 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru