МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ

 

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда 20-сентябрь күнү Мамлекеттик тил күнүнө арналган тегерек стол болуп өттү. Тегерек столду атайын курстун жетекчиси Замир Асаналиев жана кыргыз тили, адабияты кафедрасы уюштурду. Тегерек столду уюштуруунун негизги максаты – кылымдарды карыткан кыргыз тилинин азыркы күндөгү абалы, жетишкендиги, көйгөйү тууралуу аӊгеме куруу, баарлашуу. Бул баарлашууга, тегерек столдун чекесинде отуруп аӊгеме –дүкөн курууга коноктор чакырылды. Алар:

1. КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Абдыжапар уулу Мундузбек;

2. Республикалык «Кыргыз тили» коомунун төрагасы Курбанов Райымжан Курбанович;

3.Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин профессору, педагогика илимдеринин доктору Чыманов Жеӊишбек Арыпович;

4. К.Карасаев атындагы БГУнун профессору, филология илимдеринин доктору Эгембердиев Райымжан Эгембердиевич;

5. Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын директору педагогика илимдеринин кандидаты Касымалиев Муратбек Усөнакунович.

         Кыргыз мамлекеттик тил гимни жаӊыруу менен тегерек стол ачык деп жарыяланды. Бул күн бардык катышуучулар үчүн майрам деп эсептелгендиктен, 6-гн1 классынын окуучусу Жыргалбеков Эсен катышуучуларды «Эне тилим, эне сүтүм» аттуу ыры менен куттуктап өттү.

Андан соӊ сөз кезеги Республикалык «Кыргыз тили» коомунун төрагасы Курбанов Райымжан Курбановичке берилип, куттуктоо сөзү менен бирге Э. Ибраевдин «Улут болсом тилим менен улутмун» аттуу ырды көркөм айтып берип, катышуучулардын патриоттук сезимдерин козгоп, бир сыйра жан дүйнөлөрүнө бүлүк салып койду.

   9-м2 классынын окуучусу Бурхан уулу Аманбек «Манас» эпосунан үзүндү айтып берди.

      Шаардын көчөлөрүндөгү катасы менен жазылган көрнөк-жарнактарды көрсөтүү менен көрнөк-жарнактар качан туура жазылат? деген суроо КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Абдыжапар уулу Мундузбекке берилип тиешелүү жооптор алынды. Ошондой эле терминдердин которулушуна көзөмөл болобу? Тилге болгон кайдыгерлик жокпу? деген сыяктуу суроолор берилди.

   Кыргыз тили мугалими Музаева Гүлай тарабынан даярдалган 6-гк1 классынын окуучуларынын көркөм окуулары катышуучуларды кайдыгер калтырбады.    

     Ал эми Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин профессору, педагогика илимдеринин доктору Чыманов Жеӊишбек Арыповичке:

Канткенде кыргыз жаштарын элибиздин баалуулуктарын, анын ичинде кыргыз тилин сүйүүгө кантип чакыра алабыз? деген суроо берилип, окумуштуу агай: «Ар бир адам өзүнө Мен кыргыз тилинин өнүгүшүнө кандай салым коштум? деп сурай билсе, ошондо гана биз түшүнөрүбүздү, сыйлайларыбыз жана жапырт эмгектенген болорубузду айтып өттү.

Ошондой эле, К. Карасаев атындагы БГУнун профессору, филология илимдеринин доктору Эгембердиев Райымжан Эгембердиевич да кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн жасалган кадамдар тууралуу оюн бөлүштү.

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын директору педагогика илимдеринин кандидаты Касымалиев Муратбек Усөнакунович да кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн өз салымын кошуп, информатика китептеринин авторлоштору катары ошол жазылган китептерди кыргыз тилинде жазуу процессиндеги кыйынчылыктар болгондугуна карабай кыргыз тили техникалык багыттагы кандай сѳздѳр менен байыгандыгы тууралу айтып берди.

Жыйынтыгында конокторго кыргыз элинин курч сѳздүү акыны, сѳз чебери М. Алыбаевдин эки томдук жыйнактары белек катары берилди.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru