КАРЫЛАР КҮНҮ

КАРЫСЫ БАРДЫН  ЫРЫСЫ  БАР

Профессор  А.Молдокулов  атындагы  Улуттук  компьютердик  гимназияда 29-сентябрда  карылар  күнү  белгиленди. Гимназияда  иштеп  ардактуу  эс  алууда жургон агай-эжейлерибизди  гимназиянын  эмгек  жамааты  жана  окуучулары салтанаттуу  тосуп  алышты.

Гимназиябыздын  таланттуу  окуучулары  даярдаган  “Карысы бардын  ырысы бар”  аттуу  майрамдык  концерттик  программасы  тартууланды.

Ардагер мугалимдерибиз   басып өткөн  эмгек  жолдорундагы  ийгиликтери жөнүндө  келечектин  ээлерине  айтып  беришти. Ардагер эжелер  гимназияда жанылануулар, өсүштөр  болуп  жаткандыгын   баса  белгилеп өтүштү  жана  ошол өсүп-өнүүгүлөргө кубангандыктарын  билдирүү менен  ийгиликтерди каалап кетишти.

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru