Ынта жана эс тутумду машыктыруунун эффективдүү ыкмалары жана жолдору.

Ынта жана эс тутумду машыктыруунун эффективдүү ыкмалары жана жолдору.


Адам эс тутумун дайым колдонот. Бирок, кайбирлери окуяны ийне жибине чейин эстей алса, башкалар соңку окулган китептин майда чүйдөсүн эстей албайт. Ынтаны жана эс тутумду максималдуу пайдалануу үчүн аларды кантип машыктырса болот? Илгертен бери эле эс тутумду машыктыруунун ар кандай ыкмалары бар.

Эс тутумду машыктыруунун жолдору.

1.

Айвазовскийдин ыкмасына ылайык фотографиялык эс тутумду машыктыруу буюмду байкоого негизделген. Буюмду бир нече мүнөт убакытта кылдат байкоодон кийин көздү жумуп, буюмду оюбузда дал өзүндөй элестетүү керек. Бул ыкманын жардамы менен белгилүү сүрөтчү Айвазовский элестетип, жогорку тактыкта толкундардын кыймылын катып турбагандай кылып тарта алган. Көрүүчүлүк эс тутумдун мындай даражасына ар бир адам күн сайын машыгуу менен жете алат.
2.

Ширенкелердин жардамы менен көрүүчүлүк эс тутумду машыктыруунун жогорку даражасын багынтуу мүмкүн. Ыкманын маңызы төмөнкүчө: стөлдүн үстүнө бир канча чийди таштап, аларга байкоо жүргүзү керек. Анан артка карап, чийлердин сүрөтүн дал өзүндөй кылып кайталоо зарыл. Акырында эки көрүнүштү салыштырып, айырмачылык жана окшотуктарды байкыңыз. Бара-бара чийлердин санын көбөйтүп, тапшырманы таталдатыңыз.
3.

Ыр жаттоо аркылуу эс тутумду машыктыруу. Мындай ыкма кыйла пайдалуу. Себеби, ырларды жаттоо жеңил. Ошол эле учурда бул иш чара эстетикалык ырахат да алып келет. Ырларды жаттоону жеңилдетүү үчүн ассоцияция методун колдонуу сунушталат. Мисалы, ыр саптарында тоолор тууралуу айтылынса, оюбузда тоолорду элестетүү керек. Ушунтип көрүүчүлүк эс тутумдун жардамы менен маалыматты оңой эстөөгө болот.
Угуучулук эс тутумду кантип жакшыртуу мүмкүн?

Биринчи көнүгүүлөрдү аткарабыз. Алардын бири үн чыгарып окуу. Үн чыгарып окууда адам окуган нерсени угуп маанисин түшүнөт. Окуп жатканда башка ойлорго алаксыбаса текст жакшы эсте калат. Үн чыгарып окууда туура окуу маанилүү. Ал үчүн бир нече кеңештер бар:

-шашылбастан жай окуу;

-тыныш белгилерге маани берип окуу;

-окулуп жаткан маалыматка ой жүгүртүп, жаттап калууга тырышуу.

Кеңеш! Эс тутумду жакшыртуу үчүн күнүнө үн чыгарып 15 мүнөттөн окуңуз.

Эс тутумду машыктырууга кеңештер

1. Ар бир мүмкүнчүлүктү пайдалануу, мисалы базардан алынуучу шаймандардын тизмесин жазбастан, эстеп калуу.

2. Ар бир дата жана окуяны эстеп калуу.

3. Кыйын терминди жаттоо үчүн ага ассоцияция же рифма ойлоп табуу.

4. Сандар менен машыгуу. Мисалы, 200дөн баштап 1ге чейин артка саноо. Бирок, катары менен санабастан ар бир мурунку сандан 3тү кемитүү керек. Мындай учурда мээге кошумча күч келип, анын аргасыз өнүгүсүнө өбөлгө түзөт.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru