Структура

Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын 6-май САЛТАНАТТУУ КҮНҮНДӨ

УКГнын директору педагогика илимдеринин кандидаты, доцент М.У.Касымалиевдин кыскача сүйлөгөн сөзү:

Урматтуу коноктор, педагогикалык жамаат бүгүн 6-май профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын күнү болуп 22 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Билим берүү мыйзамынын 2015-жылы редакциясынын мазмунуна ылайык ГИМНАЗИЯ статусунан МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИ статусуна өтүү мектептин аталышы мындан ары мазмунуна жараша өнүгүп алдыңкы инновациялык технологияларды колдонуу менен жалпы Республиканын масштабында окуу процессин санариптештирүү боюнча кыргыз тилдүү орто мектептердин арасынан биринчилерден деп ишеничтүү айтып кете алам. Акыркы 1 жылдын ичинде негизги окуу предметтери боюнча  электрондук окуу китептерин SUNRAV системасында түзүлүп аяктап жатышы ачык мисал боло алат. Дагы да болсо Президентибиз койгон бардык тармактар боюнча санариптештирүүгө арналган багытындагы жумуштары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин астындагы иштелип чыгып жаткан жаңы билим берүү стандарттарынын негизинде түзүлгөн окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча биздин мектептин педагогикалык коллективинен авторлук группалар иштеп жатат. Мисалы, Информатика предмети, Химия предмети, Математика, Мекен Таану, Адам жана Коом предметтери боюнча.

Урматтуу коноктор жаңы багыттагы билим берүүдөгү санариптештирүү процессине биздин педагогикалык коллектив толугу менен даяр десем жанылышпайм, себеби БИЗде электрондук окуу китептерин түзө турган информациялык системабыз бар жана дээрлик бардык мугалимдер бул системада иштөөнү өздөштүрүштү. Чынын айтсак кээ бир педагогикалык окуу жайлары бизден үйрөнүп жатышат.

Эми дагы кийинки окуу жылында ЭЛЕКТРОНДУК мектепти биринчилерден болуп билим берүү процессине киргизебиз деп турабыз. Проект 1млн.500 сомдук түзүлдү жана акча каражаты табылса эле 6 ай ичинде апробациядан өткөрүп ишке киргизебиз.

Мына ушундай жумуштар Бишкек шаарындагы 90 жылдык тарыхы бар легендарлуу №5 мектепке акыркы окуу жылында жүргүзүлүп жатат.

Республиканын булуң бурчтарынан  билим алууга ынтызар болуп келген жаштардан он миңге чукул окуучу №5 мектепти бүтүрүп, алардын көбү мамлекеттик жооптуу кызматтарда  иштеп келе жатышат. Мектептин фойесинде уюштурулган көргөзмөдөн далил болуп тура

Ар бир кафедранын  2018-2019 окуу жылындагы жалпы Улуттук гимназиянын окуу планы боюнча аткарган жумуштарын чагылдырган кыскача видеороликтер:

 https://www.youtube.com/watch?v=pupn62LVdHs информатика

https://www.youtube.com/watch?v=bGuA0AnXsYM&feature=youtu.be  Англис тили - кафедрасы
https://www.youtube.com/watch?v=0IxvlzGdzFA&feature=youtu.be Башталгыя класстар - кафедрасы
https://www.youtube.com/watch?v=hDkts9wUn_8&feature=youtu.be Физика - кафедрасы
https://www.youtube.com/watch?v=EjJDoGLqM4M&feature=youtu.be Математика - кафедрасы
 https://www.youtube.com/watch?v=NT3adGuiJBk&feature=youtu.be Жатакана - кафедрасы
https://www.youtube.com/watch?v=W_y1Y70GkLA&feature=youtu.be Маданият - кафедрасы
https://www.youtube.com/watch?v=DAWIBNnOqdQ&feature=youtu.be Орус тили - кафедрасы
 https://www.youtube.com/watch?v=GE_0kVTsuZE&feature=youtu.be Тарых-география - кафедрасы
https://www.youtube.com/watch?v=pElpCCKo87s&feature=youtu.be Химия-биология - кафедрасы
https://www.youtube.com/watch?v=DQ8sexHBjFc&feature=youtu.be Кыргыз тили - кафедрасы

Республика менен өмүрлөш болгон Алтын уябызга Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтому менен 1990-жылы «№5 гимназия мектеби» деген статус берилген. Ал эми Улутгук компьютердик гимназия кылып кайрадан түзүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Указына 1997-жылы 6-майда кол коюлган. Легендарлуу тарыхы бар бешинчи мектеп Кыргызстандын билим берүү айдыңында дүң бузуп, гимназия модели менен улутгук статусту алган бирден бир мектептерден.

1997-жылдын 6-майьшдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен биринчи жолу жалпы билим берүү мектептеринин арасынан №5мектепке "улутгук" деген бийик статус берилип, заманбап электрондук технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн артта калбай, заман агымына жараша жаңы муунду даярдайт деген аруу тилек менен "Улутгук компьютердик гимназия" катары жаны баскычтагы мектепти түздү.

Акыркы 22 жыл аралыгында Гимназиянын тарыхына алтын тамга менен жазыла турган окуялар арбын болду. Алардын бири 2006-жылы легендарлуу 5чи мектептин 80 жылдык мааракеси салтанаттуу өткөрүлүп, КРнын Президентинин Указы менен билим берүү системасын өнүктүрүүгө, балдарды жана жаштарды тарбиялоого. республиканын ар кайсы тармактары үчүн жогорку квалиифкациялуу кадрларды даярдоого сиңирген эмгеги үчүн Улутгук компьютердик гимназия "Даңк" медалына татыктуу болгон. 2008-жылы залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун Улуттук компьютердик гимназияга келиши чоң тарыхый окуя болуп калды.

2011-жылы ушул мектептин бутуруучусу кыргыз экономикасына, финансы тармагына, мамлекеттик пландоо тармагына езгече эмгеги синген инсан, илимдин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясьшын мучө-корреспонденти, профессор Айдаркан Молдокуловдун ысымы ыйгарылган. 2016-жылы сүйүктүү мектебибиздин 90 жылдыгы ийгиликтуу белгиленди.

2018-жылдын 25-майында КРнын Президенти Жээнбеков Сооранбай Шарипович келди.

2019-жылдын 4-мартында гимназияны заманбап, санариптик тармакта иштей турган А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи деп кайрадан түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер министринин токтому чыкты.

Директордун Улуттук компьютердик гимназиянын алдыга койгон стратегиялык максаттарды аткаруудагы кыскача баяндамасы (видеоролик):

https://www.youtube.com/watch?v=HRM9_d9Fu2s&feature=youtu.be 

Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин 1990-жылы 16-августтагы чечими менен №5 мектеп-гимназиясы болуп уюшулган.

1997-жылы 6-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен “Улуттук компьютердик гимназия” болуп уюшулган.

Улуттук компьютердик гимназияга (УКГ) 2010-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен №5 мектебибиздин бүтүрүүчүсү, экономика илимдеринин доктору, профессор Айдаркан Молдокулов агайыбыздын ысымы ыйгарылган.

Улуттук окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын долбоордук кубаттуулугу окуу корпусу -1226 окуучуга, интернат-200 окуучулук орунга ылайыкташтырылган.

Азыркы мезгилде УКГда 91-класс-комплект, анда 3113 окуучу окуйт. Интернатта-195 окуучу билим, тарбия алууда.

2018-2019 окуу жылында мектептин ремонтуна жылуулук берүү системасына бюджеттен 7млн.500сом бөлүнүп негизги окуу корпусунун жылуулук берүүчү түтүктөрү ремонттон өттү. Жайкы ремонтко терезелерди баарысын алмаштырууга 18 млн сом бөлүнгөнү турат.

Урматтуу коллегалар бүгүнкү тарыхый мааниси бар статус алмашуу иш чарасына даярдануу жана өткөрүү жумуштары биздин кружокторду алып барган режиссер, музыкалык жетекчи, бий, комузчулар кружогу, үн жазуу студиясы, мектептин типографиясы бирдиктүү бир командада иштешип алып барып жатышат. Бардыгы урматтуу коноктор, СИЗдердин алдыныздарда учурдун талабына ылайык кандай илимий методикалык иштер (электрондук окуу китептери), кесипкөйлүккө багыт берүүчү чыгармачылык иштер СИЗдердин бааңыздарга коюлду. Урматтуу коноктор Биз дайыма сиздерден №5 мектебибиздин алдыга өнүгүүсүнө арналган түрдүү багыттардагы кеп-кеңештериңиздерди күтөбүз жана мектебибиз сыймыктанган Кыргыз элинин мыкты инсандары деп билебиз.

Мектептин администрация мүчөлөрү жана кафедра башчылары менен жалпы педагогикалык жамаат бардыгыңыздарга жеке ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин, себеби жаңы багыт боюнча 1 жылдан ашык убакыт ичинде көптөгөн жумуштар аткарылды десем жаңылышпайм.

Урматтуу коноктор мектептин коллективи мамлекет башчы аныктаган жана Билим берүү жана илим министрлиги багыт берген жаңы стандарт боюнча санариптештирүү багытындагы окуу процессинде керек болгон ар бир окутуу жумуштарын жогорку деңгээлде аткара алабыз деп ишенимдүү айтып кете алам. Себеби, биздин педагогикалык коллективдин билим берүүдөгү потенциалы жетет. Ошондуктан дайыма Республикалык деңгээлде кандай гана окуу билим сапаттарынын көрсөткүчтөрү болбосун алдынкы орундарда турабыз деп дагы бир жолу ишенимдүү айта алам.

Дагы бир жолу профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын күнү майрамы менен куттуктайм!

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru