«Кош, Алиппе!»

26-27-апрель күндөрү Улуттук компьютердик  гимназияда «Кош, Алиппе!» майрамдык кечеси болуп өттү. 2017-2018-окуу жылында “Алиппе” китебин жалпы 322 окуучу ийгиликтүү аяктап, класс жетекчилери   1-класстын окуучулары менен бирге ата-энелерге, мугалимдерге майрамдык кече тартуулашты. Кечээ гана мектеп босогосун аттаган мотурайган бөбөктөр ыр-бий, кызыктуу оюндарды уюштуруп, жомоктордон көрүнүш аткарышып, бактылуу балалыктын кызыктуу күндөрүндө жүздөрүнөн жылмаюу жанып, белектерди алышты. Мектеп жетекчилиги, ата- энелер окуучуларга, класс жетекчисине жакшы каалоо-тилектерин айтышып, майрамдык кече жыйынтыкталды.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru