Кантип 2-3 күндө экзамендерге даярданса болот?

Экзамендерди тапшырууга даярдануу - татаал, нерв коротуучу, көп эмгек талап кылуучу иш чара. Өзгөчө эгер экзамендерге бир нече күн гана калган болсо. Эске сала кетсек, окуучулардын жана студенттердин 90% экзамендерге 2-3 күн калганда даярдык көрө башташат.

Эң негизгиси, таң калаарлык бул - максат кою.

Максат кою.
Албетте, сиз кандай баага татыктуу жана кандай баа сизге керек экенин жакшы билесиз. Муну тактап алуу зарыл, себеби натыйжада сиз өз убактыңызды жана күчүңүздү туура бөлүштүрөсүз.

Иш графигин түзүңүз.
Эми кагаз жана калем алып өзүңүздүн иш графигиңизди түзүңүз. Маселен, сизде 2 күн убакыт жана 40 билет суроолор бар. Иш убактысын мындайча бөлүштүрүнүз: биринчи күнү 30 суроого, экинчи күнү калган 10 суроо + бардык суроолорду кайталоого кетет.

Сиз билбеген же начар өздөштүргөн суроолорго басым кою.
Кеңири таралган катачылык: билеттерге катары менен даярдануу. Натыйжада суроолордун теңи өздөштүрүлүп, теңи каралбай калат. Баарыбызга белгилүү болгон мыйзамга ылайык ошол каралбай калган билеттердин бири бизге насип болот. Тизмени карап көрүңүз: кээбир материалды балким жакшы билесиз, кайбирин унута баштагансыз, а бир канчасы такыр эле билбейсиз. Билбеген материалдан баштаңыз, убакыт калсы жакшы билген материалга бир көз чаптыра кетиңиз.

Эске тутуу методун колдонуңуз.
Жөн гана жаттоо же көп жолудан окуу узак мөөнөткө натыйжа бербейт. Чоң көлөмдөгү маалымат эртең менен окулганы кечке жуук унутула баштайт.

1. Ассоцияция методу.

Көрүп эске тутуу мүмкүнчүлүгүңүздү пайдаланыңыз. Эгер сизде 40 билет болсо 40 барак ачыңыз, алардын ар бирине суроосуна ылайык сүрөттөрдү, схемаларды ж.б. тартыңыз. Метод таң калаарлык натыйжаларды берет. Экзамендин алдын бул барактарды бир сыйра караганда баардык маалыматтар эсибизге калкып чыгат, ал эми билетке жооп берип жатканда сүрөт жана схемаларды эстөө менен сиз калган маалыматтын баарын эстей баштайсыз.

2. Структуралаштыруу методу.

Көпчүлүк убакытта баш аламан келген же болбосо цифра, терминдери көп болгон көлөмдүү текст түрүндөгү маалыматты эске тутуу кыйынга турат. Текстти окуп жатып ошол эле баракта анын структурасын негизги сөздөрдөн турган тизме же таблица түрүндө түзүңүз. Мисалы:

1. анализ

2. идея

3. уюштуруу

4. контролдоо

5. жыйынтыкты баалоо

3. Конспектирлөө методу

Тексти жазып жатып биз көз менен эске тута алабыз. Бул метод көбүрөөк убактысы барлага ылайык келет. Маанилүү сүйлөмдөрдү түстүү маркерлер менен сыза кетиңиз.

Күн тартибин сактаңыз
Күн тартибин түзүп аны сактаңыз. Мунун натыйжасында сиздин иш тартипке гана келбестен, чарчоодон да сактайт. Эртең менен 9-00 баштап, бир сааттан түшкү жана кечки тамактанууга, ар бир саатта 5-10 мүнөттөн эс алууга бөлүп, 20-00дө аяктаңыз.

Көп суюктук ичиңиз
Газдалбаган жөнөкөй суу, чай же 1 чыны кофе ичиңиз. Көп кофе жана энергетикалык ичимдиктерди ичпеңиз. Алардын таасири аяктагандагы эки эселик чарчоо сиздин пландарды бузуп салышы ыктымал. Жапондуктардын тажрыйбасын пайдаланыңыз: катуу чарчоодо, тынч жерде 15 мүнөт уктап алыңыз.

Туура тамактаныңыз
Көп эт жана балык, жашылча жемиштерди, бир аз кара шоколад жениз.

Күндүзгү убакытта иштеңиз
Кээбир адамдар түнү иштөө жакшыраак дешет. Бирок, көбүнчө мындай үкүлөр кийинки күндү толугу менен уйкуга сарпташып, талкаланган абалда ойгонушат.

Таза аба
Терезелерди ачып таза аба, күндүн нурун бөлмөгө киргизиңиз.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru