«Күз берекеси» түшүм майрамы
Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 1-2-класстардын арасында «Күз берекеси» жашылча- жемиштерден түзүлгөн композициялар конкурсу болуп өттү.
Бул конкурстун негизги максаты: окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, фантазиясын өстүрүү менен бирге жаратылышты сүйүүгө эмгекти баалоого тарбиялоо.
«Күз берекеси» түшүм майрамына башталгыч класстын окуучулары өз колдору менен чыгармачылыкта жасаган жашылча-жемиштер композицияларын койушту.
Ар бир класстын окуучулары эмгектерин жогорку денгээлде даярдап чыгышкандыктан жеңүүчүлөрдү аныктап чыгуу кыйын болду. Жыйынтыгында эң мыкты эмгектери менен айырмаланып активдүү катышкан класстар мектеп грамотасы менен сыйланышты.