Окуучуларды 1-класска кабыл алуу

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

УИТМЛ-мамлекеттик билим берүү мекемеси болуп саналат.

Мектеп-лицейи Кыргыз Республикасынын «Билим берүү» жөнүндө мыйзамынын, УИТМЛдин Уставынын, ошондой эле КР «Билим берүү» министирлиги тарабынан аккредатция жана лицензиялоо жөнүндө берилген күбөлүктүн УИТМЛдин Жобосунун негизинде, иш алып барат.

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи жөнүндө 2019-жылы кабыл алынган ЖОБОнун негизинде

Окуучуларды кабыл алуунун тартиби

  • УИТМ-Лге 1-класстарга кабыл алуу 6-7 жаштагы бардык балдар үчүн сентябрь, октябрь айларында атайын 1-класска даярдоо курстарына окуу борборблорунун базасында кабыл алынат. Демек 1-класска бир жыл мурун даярдыктан өткөн окуучулар кабыл алынат. Мектеп-лицейи окуу борборлорунун келишимдик негизде даярдоо курсун аяктаган окуучуларды  кабыл алат. Окуу борборлорунда даярдоо мөөнөтү аяктаган мезгилде мектеп-лицейдин 1-классына балдарды кабыл алуу үчүн түзүлгөн атайын комиссия аркылуу жүргүзүлөт.
  •  УИТМ-Лге башталгыч класстарды ийгиликтүү аяктаган жана конкурстук негиздеги баардык тандоолордун жана экзамендердин жыйынтыгынан ийгиликтүү өткөн окуучулар кабыл алынат.
  • УИТМ-Лде жатакана уюштурулган. Жатаканага алыскы аймактардан келген жана конкурстук тандоолордон ийгиликтүү өткөн окуучуларды 6-класстан тартып кабыл алат.
  • УИТМ-Лге окуучуларды кабыл алуу үчүн директордун буйругу менен атайын комиссия түзүлөт. Комиссия өзүнүн ишмердүүлүгүн УИТМ-Лдин Уставына ылайык иштелип чыккан жобонун негизинде жүргүзөт.
  • УИТМ-Лге башка мектептерден окуучуларды 5-11-класстарга ошол класстарда бош орундар болсо гана конкурстук негизде кабыл алат.
  • Лицейисттер үчүн тиешелүү класстары боюнча жалпы билим берүүчү мектептерге которулууга укугу сакталат. Педагогикалык кеңештин чечими менен лицейдин программасын өздөштүрө албаган окуучулар (3 окуу предметинен көп “орто” деген бааларга окуса) жалпы билим берүүчү мектептердин программасына ылайык кайра аттестацияланып жана башка жалпы билим берүүчү мектептерге которула алат.

Тандоодогу талаптардан өткөн окуучулар төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат (Документтерди кабыл алуу аңгемелешүүдөн өткөн күндөн баштап кабыл алынат):

  1. Ата-энесинин арызы
  2. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (ИНН)
  3. Жашаган жери тууралуу справка (үй-бүлөсү тууралуу справка)
  4. 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт
  5. Медициналык справка № 026 формасындагы 
  6. Медициналык форма № 063 формасындагы
  7. Ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү
  8. Өздүк дело

 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru