Жаш адистер-келечектин мыкты мугалимдери
2020-2021-окуу жылынын 15-февралынан 27-февралына чейинки аралыкта мектеп-лицейдин жаш мугалимдеринин жумалыгы болуп өттү. Эки жума аралыгында жаш мугалимдер өздөрүнүн көрсөтмөлүү On-Line жана Off-Line ачык сабактарын өтүү менен бирдикте кесиптештерине 21-февраль “Дүйнөлүк эне тил күнүнө”, 23-февраль “Ата-Мекенди коргоо күнүнө”, 8-март “Эл аралык кыз- келиндер күнүнө” карата куттуктоо видео-слайддарды даярдап куттукташты. Өз ара бири-бири менен пикир алышууга методикалык жардам катары педагогика-психологиялык суроолорду талкууулоо мастер класстарын уюштурушту. Мындан сырткары жаш мугалимдер үчүн:
- Мектеп-лицейдин методикалык иштер боюнча директордун орун басары М. Б. Асанова “Мугалим качан окуучулардын арасында авторитетке ээ боло алат?” деген темада,
- Мектеп-лицейдин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Н. Т. Табалдиева “Куратор деген ким?” деген темада,
- Мектеп-лицейдин психологу Н. Ж. Болотбекова “Заманбап мугалимдин имиджи” деген темада,
- Мектеп-лицейдин соц.педагогу Т. А. Дайрабаев “Класс жетекчинин бүгүнкү күндөгү ролу” деген темада семинар өтүлдү.