КМШнын Мыкты педагогу - 2022

       Профессор А.Молдокулов атындагы  УИТМЛнин технология мугалими Тилекбек уулу Жолдошбек  "КМШнын мыкты педагогу-2022 (Лучший педагог СНГ-2022)"  илимий-педагогикалык кызматкерлердин Эл аралык конкурсуна катышып, ийгилик жараткандыгы менен чын дилден куттуктайбыз.
 
               Долбоор жыл сайын Казакстан илимпоздор конгрессинин колдоосу менен "Бөбек улуттук кыймылы" ассоциация түрүндөгү юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан уюштурулуп келет. Бул долбоордун негизги максаты жаш илимпоздорду жана педагогдорду инновациялык долбоорлорун, изилдөө ишинде, чыгармачылыкта, спортто жана илим менен билим берүүнү өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин аныктоо болуп эсептелет. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү педагогдордун жана илимпоздордун кызматташуусун арттыруу болуп саналат. Долбоорго Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Орусиянын мыкты педагогдору жана илимпоздору  катышышты. Сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында И. Арабаев атындагы КМУде 28-май, ишемби күнү өткөрүлдү. Сынактын жыйынтыгы боюнча мыкты педагогдор жана илимпоздор медаль,1-даражадагы диплом менен сыйланышты. Ар бир мыкты педагогдун  жана мыкты илимпоздун ысымы "Мыкты педагогдордун энциклопедиясы" эл аралык педагогикалык китептер жыйнагына киргизилди. Биздин мектептин сыймылы болгон жаш педагогубуз Тилекбек уулу Жолдошбек агайыбызды жаш адисибиз экендигине карабай, үлкөн конкурстарга катышып, бийиктиктерди багыткандыгына биз да сыймыктанып, агайдын мындан аркы чыгармачыл ишине дагы дагы далай-далай ийгиликтерди каалайбыз!
 
 
                                                                                                                                                                                                       УИТМЛдин пеадгогикалык жамааты

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru