ЖОГОРКУ КЕНЕШТЕ УИТМЛдин ОКУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ДЕПУТАТ СУЛАЙМАНОВ КУНДУЗБЕК КОШАЛИЕВИЧ ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

Бүгүн 13-июнда мектеп-лицейибиздин алдынкы, үлгүлүү класстарынын бири болгон 9-м3 классы куратору Арунова Ырыскан Кемеловнанын жетектөөсү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевич менен жолугушуп келишти.

Жолугушууда Сулайманов Кундузбек Кошалиевич эртенки кундүн келечеги болгон жаш муунга алдыга бийик максаттарды коюп, ал максаттарга жетүү үчүн сапаттуу, терең билим алууга чакырды.  Ар тараптуу өнүгүп өсүү менен өлкөнүн өсүп өнүгүүсүнө зор салымын кошуу үчүн жакшы кеп кеңештерин берүү менен окуучуларга ийгиликтерди каалады.

Бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон экскурсия жана Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевич менен болгон жолугушуу окуучулардын келечеги үчүн өзгөчө таасирдүү болду деген ишеничтебиз.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru