ЖАЛПЫ НЕГИЗГИ БИЛИМИ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮКТӨРҮН ТАПШЫРУУ САЛТАНАТЫ

Бүгүн 5-июль профессор А. Молдокулов атындагы УИТМЛнин 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө «Жалпы негизги билими тууралуу күбөлүктөрүн» тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чара жогорку денгээлде болуп өттү.

2021-2022-окуу жылында 9-классты 296 окуучу ийгиликтүү бүтүрүп жатат. Алардын ичинен жалпы негизги билими тууралуу артыкчылык күбөлүккө беш окуучу ээ болду. Окуу жыл ичинде Республикалык олимпиадаларга катышып ийгилик жараткан жана ошондой эле мектеп-лицейдин ичиндеги коомдук иштерге активдүү катышкан окуучулар грамоталар менен сыйланышты.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, дагы бир жолу колуңарга алган

«Жалпы негизги билими тууралуу күбөлүктөрүңөр»

КУТ болсун!

Жолуңар шыдыр, келечегиңер кең болсун!

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru