Team Teaching

Профессор А. Молдокулов атындагы УИТМЛинин немис тили мугалими Касаболотова Майрам Усеновна Гете-Институту тарабынан уюштурулган “Team Teaching” программасы боюнча тажырыйба алмашуу максатында, кошуна өлкөбүз Казакстандын борбору Астана шаарындагы Т. М. Нарикбаев атындагы Казак гуманитардык юридикалык университетинин котормочулар бөлүмүнүн 3-4- курстарынын студенттерине В+ деӊгээлинде,  юридикалык факультетинин 1-2-курстарынын студенттерине А1 деӊгээлинде сабактарды өтүп келди.

ПАШ долбоорунун координатору Александра Смитс, Касаболотова айым келечектеги мультипликатор катары долбоордун алкагында мультипликаторлор тобун түзүү боюнча 08.10.-19.10.2022-жылы Астана шаарында КАЗГЮУДА 14 саат немис тилден сабак өткөн. Мындан тышкары, ал 16,5 саат бою сабактарды карап чыгып, 53 саатка жакын убакытты даярдоого, сабакка чейин жана андан кийин алдын-ала талкуулоого жана материалдарды даярдоого жумшаган. Жалпысынан ал методикалык жана дидактикалык жактан окутуу үчүн эки жуманын ичинде 80 саат убакыт сарптады. Командалык окутуу дем алыш күндөрү: ишембиден шаршембиге чейин өттү. Иш-чарага ал чоң кызыгуу, көптөгөн идеялар жана өзгөчө берилгендик менен катышты деп белгиледи.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru