Кыргызстан – Нидерланды

2019-жылдын 10-ноябрынан 25-ноябрына чейин профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин беш окуучусу жана бир мугалими Европанын Нидерланды мамлекетинин Скунховен шаарындагы Скунховен колледжине барып келишти. Алар: 11-класстардын окуучулары Дүйшекеева Алтынай, Нурланбеков Нурбакыт, Акжолова Айдай, Артыков Адыл, 10-класстын окуучусу Саадабеков Эрлан жана информатика мугалими Ибрагимов Жайнак.

            Бул программанын негизги максаты, Голландиянын окуучулары жана мугалимдери менен УИТМЛдин окуучулары жана мугалимдери ортосунда байланыш түзүп, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашуу. Биздин окуучулардын билим сапатын жогорулатууга, жер көрүп келүүлөрүнө, англис тилин мыкты денгээлде өздөштүрүп алууларына шарт түзүп берүү. Жалаң гана билим берүү тармагында гана эмес, маданият тармагында да, таалим тарбия, салт-санаа боюнча да бири-бирибизге үйрөтүп-үйрөнүү.

            Окуучуларды жетектеп барып келген мугалимдин айтуусунда: “Биздин абдын жылуу маанайда тосуп алышты. Бизди бир аз ыңгайсыз абалда калтырышты десек да болот, себеби, вокзалдан тосуп алганда кыргыздын калпагын кийип алышыптыр, кийин мектепке барганыбызда имараттын үстүнө Нидерландиянын желегинин жанына Кыргызстандан желегин желбиретип илип коюшуптур. Мектепке киргенибизде монитордон Кыргызстандын кереметтүү кооз жерлеринин сүрөттөрү көрсөтүлүп жатты. Алардын баарын көрүп, Биздин келишибизге ушунчалык маани берип, абдан жакшы даярдангандарына күбө болдук.

            Жогоруда аталган мектепте он күн болдук. Окуу программасына тоскоол болбогондой, ошол эле учурда бизге максималдуу көңүл буруп, программа түзүп коюшуптур: барган эле күнү лабороторияга кирип, биология жана химия мугалимдери менен чогу өз колдорубуз менен сыр жасадык. Ар бирибиздин сырыбыз ар башкача даам берип турду. Биздин окуучулар менен ал мектептин окуучулары сабактарга чогу кирип, бири-бири менен тез эле тил табышып, аралашып  кетишти. Бардык сабактар жана сабактан тышкаркы иш чаралар англис тилинде болду. Өз учурунда бул биздин англис тилин практика жүзүндө өздөштүрүп алууга чоң мүмкүнчүлүк болду. Жыйынтыгы абдан жемиштүү болду. Ар бирибизге экиден үй бүлө (Host-family) даярдап коюшуптур. Беш күн бир үйдө, кийинки беш күн экинчи үйдө жашадык.

            Ишенби жана жекшемби күндөрү шаарларды, кооз жерлерди жана музейлерди кыдыртышты. Кээ бирлерин айта кетсем, Амстердам, Ротердам, Гаага, Хауда жана Утрихт деген шаарларын кыдырдык. Винсент Ван-Хох музейине, сыр музейине кирдик, тарыхий мааниге ээ имараттарын санап отурсак абдан көп, Мени North Sea жээгине алып барышты. Аралга бардык, кыскасы Голландияны толугу менен көрсөтүп чыгышты десем жаңылышпайм. Тамак-ашты да бизден сурап, эң жагымдуусун гана берип турушту. Он күндүн жыйынтыгы менен сертификат тапшырып, ыраазычылык айтышып, коштоштук да Амстредамдан Парижге Брюсель аркылуу автобус менен сапар тарттык. Париждеги Эйфель мунарасына барып, кайра-кайра сүрөткө түштүк.  Ал жактын да кооз жерлерин кыдырдык, Лувр музейине кирдик. 25-ноябрь күнү кыдыруубузду аяктап, кайрадан сүйүктүү мекенибизге келдик.”

            Скунховен колледжи жана профессор А.Молдокулов атындагы УИТМЛ ортосунда үч жылга ушул форматтагы программаны алып баруу боюнча меморандум түзүлүп, келээрки жылдын май айында Голландиядан сегиз окуучу жана эки мугалимдин келишин күтөбүз.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru