Зордук-зомбулуксуз үй-бүлө
Кыргыз Республикасынын баланын укуктарын коргоо жана 25-жылдык маарекесине арналган «Ар бир балага – бала кезинен укугун коргоо», «Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк кампанияны» ишке ашыруу боюнча Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде жогорку деңгээлде иш-чаралар болуп өттү.
Ар бир класста «Зордук-зомбулуксуз үй-бүлө», «Зордук-зомбулуксуз дүйнө» темаларында класстык тарбиялык сааттар өтүлдү. 9-т1 классы, куратору Мусаева Элизат Карыпбековнанын жетектөөсүндө «Зордук-зомбулуксуз үй-бүлө» деген темада ачык класстык саат өтүлүп, сабак өз максатына жетти.
8-9-класстардын арасында дубал газеталар сынагы уюштурулуп, эң мыкты аткарылган дубал газеталарга орундар берилди