Кызыктуу физика

Тема: Физика мугалимдеринин чыгармачылыгын жайылтуу жана окуучулардын  билим сапатын жогорулатуу

Девиз: “Бир нерсени жасоодон мурда адегенде үйрөнүү зарыл, бирок жасоону баштоо менен гана үйрөнүүгө болот” –Аристотель

Декаданын максаты:

  • Физика предметин окутуу менен окуучуларды турмушка, өзгөрүүлөргө даярдап, аларды мобилдүүлүк, динамизм, иштиктүүлүк сыяктуу сапаттарын өнүктүрүү.
  • Окуучулардын  тандоо, жасоо, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу жана теорияны практика менен айкалыштырууга үйрөтүү
  • Жаңы педагогикалык технологияларды колдонуу менен мектеп окуучуларын азыркы турмуш шарттын өзгөрүүсүнө даярдоо.

Декада учурунда ар бир мугалим жогоруда көрсөтүлгөн график боюнча ачык сабактарды өтүштү. Ачык сабактарга кафедранын мугалимдери, предметтик мугалимдер жана тиешелүү завучтар катышып жатышты. Сабак өткөн мугалимдерге учурунда катышкан мугалимдер жана завучтар тарабынан өткөн сабагына анализдер берилди. Декаданын темасында айтып тургандай эле мугалимдердин иш-тажрыйбасын жайылтуу болгондуктан ар бир мугалим сабак учурунда өзүнүн методикалык, тажрыйба, теориялык, практикалык жактан өзгөчөлүктөрүн көрсөткөнгө аракет жасап жатышты. Мисалы Тинибаева Шарипа эженин өткөн сабагында окуучулардан үй тапшырмасын суроо этабы эң жогорку деңгээлде экени баса белгиленди. Бул этапта тапшырманы суроо үч бөлүккө бөлүнүп, оюн түрүндө, тест түрүндө жана суроо жооп түрүндө болуп, окуучулардын сабакка даярдыгы ар кандай методдор менен текшерилгендиги баса белгиленип,окуучулардын үй тапшырмасын даярдануусуна өзгөчө кызыгууну арттыраарын айтышты. Камчыбекова Гүлсаранын сабагында жаңы материалды берүү этабындагы өзгөчөлүктөргө токтолушту, бул этапта материал окуучуларга суроо –жооп катарында берилип, ар түшүнүк суроо түрүндө берилип ал суроолорго жоопту изденип таап жатышты.Мындай учурда окуучулардын ой жүгүртүүсү күчөп, даяр билимди алууга караганда жаңы алып жаткан түшүнүк окуучулардын аң –сезиминде сакталып калары талашсыз экендиги баса белгиленди. Ал эми Турдумамбетов Максаттын жүйөлүү себептерден улам кийинки убакка жылдырылды. Куренкеева Берметтин өткөн сабагында окуучулардын теориялык билимдеринин кенендиги баса белгиленди.Асанканов Добулбектин сабагы интерактивдүү методду колдонуп өткөндүгүндө болду, мында мугалим модератордук милдетти гана аткарып окуучулардын активдүүлүгү жакшы экендиги белгиленди. Жаш мугалимдер Рахатбек уулу абай жана Султанбаева Айтбүбүнүн сабактары да өз деңгээлинде жакшы өтүлгөнү айтылды.  Өтүлгөн сабактарда жетишкендиктер менен бирге эле мугалимдерге сунуш –пикирлер да айтылды. Ал сунуштарды ар бир мугалим түшүнүү менен кабыл алышты. Предметтик сабактардан сырткары куратор мугалимдер да өздөрүнүн класстарына ачык тарбиялык сабактарды өтүп, ал сабактарга мугалимдер, завучтар катышып, жакшы ой-пикирлерин билдиришти.Мындан сырткары 8-м1 жана 8-м2 класстарынын арасында Физикалык акыл таймашы өткөрүлүп, натыйжада 8-м1 классы өздөрүнүн билим денгээлдеринин мыкты экендигинин натыйжасында жеңишке жетишишти. Конкурска катышкан класстарга кафедра тарабынан грамоталар берилди. Быйылкы иш чаранын артыкчылык кемчиликтери эске алынып, кийинки окуу жылдарында жетишкендиктерди өнүктүрүү, кемчиликтерди жоюу керек экендиги белгиленди.

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru