Психологиялык кызматтын жобосу

Психологдун укуктук статусунун

Ж О Б О С У

 

  1. Жалпы жоболору:

Психологдун кызматы Билим Берүү жана Маданият Министирлигинин токтомунун негизинде киргизилет.

Псхолог-жогорку билимдүү, педагогдордун жана өспүрүмдөрдүн психологиясы боюнча иштеген, психодагностиканы, психокоррекцияны билген, социалдык-психологиялык окуудан, психологиялык кеңештен, атайын даярдыктан өткөн, квалификациясы дал келген, тажрыйбалуу адистердин ичинен бекитилет.

Психолог өзүнүн иш-практикасында диагностикалык, профилактикалык, калыптандыруучулук, коррекциялык жана башка багыттар боюнча билим берүү мекемелеринде психологиялык уюштуруу иштерин өткөрөт.

Психологдун негизги милдеттери:

  • Мугалимдердин жана окуучулардын чыгармачылык деңгээлин аныктоо; мектеп администрациясынын жана педагогикалык жамаатын иш деңгээлин жогорулатуунун жолдорун сунуштоо.
  • Педагогикалык процессте кезиккен кыйынчылыктардын психологиялык себептерин аныктоо; кыйынчылыктарды четтетүүнүн жана токтотуунун жолдорун сунуштоо.
  • Башкаруу процессинде инсандык мамилелерди калыптандырууга катышуу.
  • Окуучуларга жана ата-энелерине, мугалимдерге жана мектеп кызматкерлерине чыныгы психологиялык жардам берүү, окуучулардын профессионалдык келечегин аныктоо.
  • Педагогикалык жамаатка окуучулардын аң-сезимин, таанып билүү процессин башкарууга жардам берүү.
  • Мугалимдерди окуучулардын чыгармачылык ойлорун калыптандырууга жана педагогикалык мамилелерге окутуу. Мугалимдердин психодиагностикалык устаттыгын көтөрүү.
  • Окуучулардын арасында болуп жаткан аракечтик, тамеки чегүү, баңги заттарды колдонуу жана сексуалдык терс көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча иш-чаралардын заманбап психологиялык жабдуулар аркылуу токтотуунун жолдорун эскертүү.
  • Психо-педагогикалык билимдерге үгүттөө.
    1. Мектеп директору жана педагогикалык кеңеш бекитилген программанын негизинде психлогдун иш-аракеттерине жалпы текшерүү жүргүзөт. Эгерде мектеп администрациясынын көрсөтмөлөрү психологдун талаптарына туура келбесе, мектепти көзөмөлгө алып турган жогорку органдарга билдирүү менен психолог ал көрсөтмөлөрдү аткарбай койгонго укуктуу.
    2. Мектеп окуучулары жана педагогикалык жамааттын психодиагностикалык, коррекциялык, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү үчүн атайын шарттары бар, жабдуулар менен камсыз болгон иш бөлмөлөрүндө психолог иш жүргүзөт. Иш бөлмөнү кызматы туура келген психолог жетектейт.
    3. Психолог окуучулардын ар тараптуу өнүгүшүнө жана гармониялуу өсүшүнө жетекчилик кылуу менен бирге педагогикалык жамаат, медицина кызматы, багып алуу жана камкордук органдары, социологдор жана коомдун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуу аркылуу өздөрүнүн иш-аракеттерин жүргүзүшөт.
    4. Эмгек акысы, эс алуу өргүүсү, тарификациялык педагогикалык ставкасы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Маданият Министирлигинин нормативдик иш-кагаздарынын негизинде бекитилет.
    5. Психологдун иш тартиби, максаты жана милдеттери психологиялык кызматтын программасынын негизинде аныкталып, мектептин жалпы ишине туура келгенде гана профсоюз комитети менен макулдашылып, мектеп директору тарабынан бекитилет.

       

 

 

 

 

 

Психологдун укуктары жана милдеттери

2.1.  Психологдун укуктары:

   *  Окуучулар жана ата-энелери, мугалимдер жана мектептин башка кызматкерлери менен иштөөнүн формаларын, ыкмаларын тандап алуу менен ар түрдүү иш-чаралардын өтүү мезгилин, приоритеттүү багытын белгилейт жана учурун аныктайт.

    *  Психологиялык кызматтын  ишинин ийгиликтүү болушуна шарт түзүп берүү сунуштары менен мектеп жетекчилигине анын коомдук уюмдарына чыга алат.

    *  Окуу-тарбия процессин уюштуруу боюнча документтери менен окуучулардын, мугалимдердин, мектептин башка кызматкерлеринин өздүк делолору менен тааныша алат.

     *  Региондордун социалдык, улуттук, маданий өзгөчөлүктөрүн эске алып, мектеп жамааты жана жеке инсандар менен жаратуу, пайдалануу, тастыктоо максатында психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзѳ алат.

     *  Мектептеги психологиялык абалды терең түшүнүү максатында жогорку окуу жайларынын психология кафедралары жана психологиялык уюмдар менен тыгыз ишкердик байланышта болот.

     *  Педагогикалык жамааттын иш орундарынын  туура бөлүнүштүрүүсүнө; административдик кызматка мугалимдердин талапкерлик коюусуна; класс жетекчилердин бекитүүсүнө; окуучулардын өзүн-өзү башкаруу кеңешинин методикалык түзүлүшүнө; коомдук активдердин илимине; мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы чыр-чатактарды чечүүдөгү мектеп администрациясынын иш-аракеттерине; мектептеги психологиялык терс абалды жолго салууга; окуу жана окуудан тышкары учурда мугалимдер менен окуучулардын оптималдуу иштерине; окуу тайпаларынын иш-ыкмаларын топтоого; жалпы окуу-тарбия процессинин гуманитардык жана демократиялык бөлүнүшүн сунуштайт.

 

2.2. Психологдун милдеттери:

    *   Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана маданият министирлигинин өкмөттүк нормативдик документтерине таянып өз ишин жүргүзөт.

     *  Профессионалдык компетенциянын жана кызматтык милдеттердин чегинде гана суроолорду карайт жана чечимдерди так кабыл алат.

      *  өспүрүмдөрдүн жана социалдык, практикалык психологияларын билүү менен психология илиминин жаңы жетишкендиктерин өздөштүрүү. Өзүнүн билимин өнүктүрүүдө социалдык-психологиялык, психокоррекциялык, психопрофилактикалык иштерде заманбап илимий негизделген ыкмаларды өзүнүн профессионалдык квалификациясын ар дайым жогорулатып турат.

       *  Мектеп ичинде психологиялык суроолорду чечүүгө, диагностикалык, психокоррекциялык жана башка иштерди профессионалдык даярдыгы жок, тиешелүү эмес адамдардын жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылат.

       *  Мектеп администрациясына, педагогикалык жамаатка, окуучулардын толук кандуу психологиялык өнүгүшүнө жардам берет жана жеке иш алып баруу менен алардын жеке кыйынчылыктарын чечет.

        *  Профессионалдык сырды бекем сактайт; Диагностикалык жана кеңеш берүү иштеринин жыйынтыктарын текшерилген окуучу жана анын чөйрөсүн зыянга учуратпоо үчүн сырды таратпайт.

        *   Окуу-тарбия иштеринин пландарына, педагогикалык кеңеш жана мектеп жетекчилиги кабыл алган чечимдерге, мектеп тайпаларынын жана жеке инсандардын эффективдүү иш-аракеттерине анализ жүргүзөт. Мектеп жетекчилерине, жеке кызматкерлерге иштин сапатын жогорулатуу боюнча психологиялык туура келген сунуштарды берет.

        *  Мугалим-окуучуга, окуучу-окуучуга, мугалим-мугалимге, мугалим-жетекчиликке инсан аралык мамилелеринин деңгээлин анализдейт. Билим берүү маселелеринде коррекциялуу багыттарды даярдап, мугалимдер менен окуучуларга сунуштайт.

         *  Мектеп шарттарына ылайык илимий негизделген программаларды мугалимдер менен бирдикте иштеп чыгат жана окуучуларга сунуштайт.

         *  Мектептеги өзүн-өзү башкаруу функцияларын илимий негизде ишке ашырууга көзөмөл жүргүзөт, алардын коррекциялары боюнча сунуштарды берет.

         *  Психо-педагогикалык билимдерди мугалимдердин, тарбиячылардын жана мектеп окуучуларынын арасында жайылтат.

          *  Жеке адамдар менен иш алып барган диагностикалык документтерди педагогикалык жамааттын, консилиумдун, комиссиясынын чечимдери үчүн сактайт. Башка документтерди дискеттерде, ПКда, магнитафондук жазып алууларда жүргүзөт жана сактайт.

       

  1. Мектеп психологунун жоопкерчилиги:
  • Психолог- психологиялык диагноздордун туура коюлушуна, коррекциялык жана диагностикалык ыкмалардын колдонушуна, негиздүү сунуштарды берүүгө жоопкерчиликтүү.
  • Официалдуу текшерүүлөрдүн токтомдорун жана бекитилген жобого ылайык документтердин сакталыш жоопкерчилигин өзүнө алат.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru