Профессор А. Модокулов атындагы УКГнын окуу процессинин 2018-2019-окуу жылындагы 5-7-класстар боюнча жылдык отчету

Профессор А. Модокулов атындагы УКГнын окуу процессинин 2018-2019-окуу жылындагы 5-7-класстар боюнча жылдык отчету.

         Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик  гимназиясынын педагогикалык кеңешинин чечими менен мектептин 2018-2019 - окуу жылында окуу- тарбия иштеринин планы төмөнкү багыттар менен иштелип чыккан:

  • окутууну уюштуруу;
  • педагогикалык кадрлар менен иштөө;
  • мектеп документациясы;
  • ички көзөмөл;
  • педагогикалык кеңеш.

2018-2019-окуу жылында 33 жума  окутулду.

      Окуучулар менен иштөөдө УКГ Кыргыз Республикасынын «Билим берүү» Законунун, УКГнын Уставынын, Билим берүү Академиясынын рекомендацияларынын жана мектеп ичиндеги буйруктардын негизинде иш алып барат.

      2018-2019–окуу жылында УКГ алты күндүк режимде иш алып барды. Окуу жылында 5-7 класстарда 26 класс  комлекттелген.  Жыл башында 932 окууучу окуп баштаган, ал эми жылдын аягында 914 окуучу аяктады.  Жылдык ичинде 21 окуучу региондордон жана башка мектептерден келип окушту. 39 окуучу ар кандай себептер менен башка мектептен билим алууну улантышты.

      5-7-класстардын жумалык нагрузкасы:

  • 5 - класста -29
  • 6 - класста- 31
  • 7- класста- 33.

2018-2019 –окуу жылындагы окуу процессин уюштуруу формалары төмөнкүлөр:

  • сабактар;
  • лекция, семинарлар;
  • чейректердин аягында экзамендер;
  • предметтик  ийримдер;
  • олимпиада,конкурстар;
  • предметтик декадалар;
  • ачык сабактар;
  • ички көзөмөл.

УКГнын 5-7-класстарында билим деңгээлинин жана билим билгичтигинин абалы окуу жылынын аягында төмөнкү жыйынтыкты берди:

 

Класс

Жыл башында  окуучунун саны

кыз

эркек

Билим сапаты %

Жетишүүсү %

Жетишпегени %

Жыл аягында окуучунун саны

кыз

эркек

Билим сапаты %

Жетишүүсу %

Жетишпегени %

5

338

177

161

37

100

-

339

189

150

53

100

-

6

297

147

150

40

98

2

294

156

138

63

100

-

7

287

151

136

42

98

2

281

148

133

62

100

-

жалпы

922

475

447

40

98

2

914

493

421

59

100

-

Олимпиаданын жыйынтыгы

23-октябрда 5-6-7-класстарында атайын түзүлгөн  жүгүртмөнүн негизинде мектеп ичинде олимпиада өткөрүлдү. Олимпиада  кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты,  математика, информатика, география, тарых, билогия, немис тили, англис тили предметтеринен өткөрүлдү;

Катышкан окуучулардын саны: Жалпы: 510

                                                         5-класс- 144

                                                         6-класс- 162

                                                        7-класс-204

I  орун         29

II  орун       32

III  орун     35

IV  орун     2

Жалпы мектепте 5-7- класстарда 510 окуучу олимпиадага катышты. Анын ичинен  98 окуучу сыйлык орунга ээ болду. Эң көп сыйлык орунга ээ болгон класстар: 5га3 -9 орун, 6га2-6 орун, 6гн2, 6гк1, 6га4 -5 орун, 7га4 -12 орун, 7га2-11 орун, 7га1 – 9 орун.

 

Көчүрүү экзаменинин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 10.03.2018-жылдагы  №281 буйругунун жана «КР мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жалпы билим берүү уюмдарында мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясын өткөрүүнүн жана окуучуларды класстан класска көчүрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун негизинде бардык класстар үчүн жазуу жүзүндөгү милдеттүү көчүрүү сынагы катары төмөнкүлөр аныкталды:

  • окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз тили (мамлекеттик тил) боюнча жат жазуу грамматикалык тапшырмалар менен;
  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили (расмий тил) боюнча жат жазуу грамматикалык тапшырмалар менен.

Оозеки формадагы милдеттүү көчүрүү сынагы катары төмөндөгүлөр аныкталды:

  • бешинчи класста – тарых,
  • алтынчы класста – биология,
  • жетинчи класста – география,
  • сегизинчи класста –чет тили
  • онунчу класста – физика.

Лицейлер жана гимназиялар дагы бир кошумча сынакты аныкташат. 5-7-класстардын окуучулары англис тил багытындагы класстар англис тилинен, немис тили багытындагы класстар немис  тили сабагынан, кыргыз тили багытындагы 5-6-класстар кыргыз адабияты сабагынан, 7-класстардын окуучулары манас таануу сабагынан  тапшырышты.

Көчүрүү экзаменинин максаты программанын айрым бөлүктөрү же бүткүл көлөмүнүн, анын ичинен билим берүү программасынын өнүгүү деӊгээлин аныктоо үчүн жүргүзүлдү.

Экзамендин материалдары мугалимдер тарабынан түзүлүп, методикалык кеӊешмеде каралып бекитилди.

Экзамен түзүлгөн жүгүртмөнүн негизинде өтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 10.03.2018-жылдагы  №281 буйругунун жана «КР мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жалпы билим берүү уюмдарында мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясын өткөрүүнүн жана окуучуларды класстан класска көчүрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун негизинде жана педагогикалык кеӊешменин чечими менен “4” жана “5” деген баага окуган окуучулар көчүрүү сынагынан бошотулган.

Жалпысынан көчүрүү экзамендерин 5-7-класстын окуучулары ийгиликтүү тапшырышты.

2018-2019 - окуу  жылынын көчүрүү экзамендеринин предметтер боюнча билим сапатынын жана жетишүүсүнүн  жыйынтык көрсөткүчү төмөнкүдөй болду:

 

Ички көзөмөл боюнча анализ

Ички көзөмөл педкеңеште бекитилген  план боюнча  иш алып барды. Көзөмөл төмөнкү формалар аркылуу жүргүзүлгөн:

  • мектеп документациясы;
  • персоналдык көзөмөл;
  • оперативдик көзөмөл;
  • тематикалык көзөмөл;
  • класстык жалпылоочу көзөмөл.

 

Класстык жалпылоочу көзөмөлдүн жыйынтыгы

Класстык жалпы көзөмөлдү класстагы окуучулар төмөнкүдөй көзөмөлдүн түрү менен текшерилди:

  1. Сабактарга, класстык сааттарга катышуу
  2. Математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили боюнча билим билгичтиктерин текшерүү
  3. Дептерлерди, күндөлүктөрдү, өздүк делолорду класстык журналдарды, китептердин сакталышын текшерүү
  4. Окуучулардан тест алуу
  5. Көрсөтүлгөн класстын кураторлору жана класстарга сабак берген мугалимдер менен маектешүү

2018-2019-окуу жылында класстык жалпылоочу көзөмөлдө план боюнча

5-класстрда октябрь  айында, 6-класстарда февраль айында, 7-класстарда декабрь, 7-га5 классынын сабактарына март  айында көзөмөл  жүгүзүлүп, анализденди.

 

5-6-7-класстардын окуучуларынын билим билгичтиктерин текшерүүнүн жыйынтыгы:

 

Класс

Кыргыз тили, кыргыз адабияты

Орус тили

Математика

Англис тили

Немис тили

Билим сапаты %

Жетишүүсү

%

Билим сапаты

%

Жетишүүсү

%

Билим сапаты

%

Жетишүүсү

%

Билим сапаты

%

Жетишүүсү

%

Билим сапаты

%

Жетишүүсү

%

5

72

97

58

85

51

91

47

87

 

 

6

68

93

89

99

9

97

73

100

54

89

83

100

 

 

 

 

 

 

 

 

7

56

100

78

95

60

95

67

94

75

100

 

Планга ылыйык 7-га5 классынан төмөнкү сабактардан административдик текшерүү иши алынды:

Предметтер

Окуучунун саны

Жазганы

 

Баалары

Билим сапаты

%

 

Жети

шүүсү

%

Жетишпегени

%

 

5

4

3

2

Орус тили

27

27

6

13

8

-

70

100

 

Англис тили

27

26

6

18

1

1

92

96

4

Алгебра

27

27

 

20

6

1

77

96

4

 

Текшерүү иштер, жат жазуулар, тесттер программанын негизинде түзүлгөн. Таблицарда көрсөтүлгөндөй окуучулардын жогорудагы сабактардан жалпысынан билим сапаты жакшы.

2019-жылдын январь айында УКГнын ички көзөмөл иш планынын негизинде

7-класстарда физика сабагына көзөмөл жүргүзүлдү. Текшерүүдө төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү:    

 сабактарга катышуу жана анализдөө;

  • физика  сабагынан билим денгээлин аныктоо;
  • мектеп документациясынын (дептерлердин, журналдардын абалы);
  • сабак берген мугалимдер жана кураторлору менен маектешүү

Көзөмөл учурунда физика сабактарына катышып, административдик текшерүү иши алынды. 7-га1, 7-га2, 7-га3, 7-га4, 7-га5-класстарына физика мугалими -Асанканов Д.

7-гк1, 7-гк2, 7-гн1, 7-гн2- класстарына физика мугалими –Дыйканбай к Г.

 

Төмөнкүдөй жыйынтык берди.

Предмет

 

Класс

Окуучунун саны

Жазганы

 

Баалары

Билим сапаты

%

 

Жети

шүүсү

%

Жетишпегени

%

 

5

4

3

2

Физика

285

262

36

130

70

26

61

88

12

Текшерүүнүн  жыйынтыгы боюнча-жогорку билим сапаты 7-га2 классында 85% болду, төмөнкү билим сапатын 7гк2 классы - 11% көрсөттү.

2019-жылдын март айында УКГнын ички көзөмөл иш планынын негизинде гуманитардык кыргыз тили жана адабияты багытындагы класстардын окуучуларынын Манастаануу сабагын өздөштүрүүсү жана билим билгичтик деӊгээли аныкталды.

Текшерүү учурунда төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү.

  • Манастаануу сабактарына катышуу жана анализдөө;
  • Манастаануу сабагынан окуучулардын билим денгээлин аныктоо;
  • мектеп документациясынын (дептерлердин, журналдардын абалы);
  • сабак берген мугалимдер менен маектешүү.

Көзөмөл учурунда Манастаануу сабагынан компьютердик тест алынды.

 

Административдик текшерүүнүн  жыйынтыгы боюнча билим сапаты;

Предмет

Класс

Окуучу

саны

Жазганы

 

Баалары

Билим сапаты

%

 

Жети

шүүсү

%

Жетишпегени

%

 

5

4

3

2

Манастаануу

225

219

38

76

89

16

52

92

7

 

Жалпы Манастаануу сабагынан 52% көрсөтүштү. Жетишүүсү 92%, жетишпегени 7%.

 

2019-жылдын апрель айында УКГнын ички көзөмөл иш планынын негизинде

            7-класстарда УТБ тарабынан тест алынды. Төмөнкү сабактардан тест тапшырышты:    

  • кыргыз тили, математика, биология;
  • кыргыз тили, математика, биология;

 

 

Предметтер

Окуучунун саны

Жазганы

 

Баалары

Билим сапаты

%

 

Жети

шүүсү

%

Жетишпегени

%

 

5

4

3

2

Математика

280

263

26

79

91

78

40

74

26

Биология

280

263

43

63

84

84

40

72

28

 

Кыргыз тили

280

263

55

97

93

29

54

93

7

Жалпы

280

263

124

239

268

191

44

77

23

Таблица 1. 7-класстардын предметтер боюнча билим сапатынын, жетишүүсүнүн пайыздык

 

Жалпы билим сапаты 44%, жетишүү 77% түздү.

 

2019-жылдын апрель айында УКГнын ички көзөмөл иш планынын негизинде                 4-класстардын билим сапаты аныкталды. Төмөнкү сабактардан жазуу иштери алынды:   Текшерүүнүн мөөнөтү: 8 – 26-апрель 2019-жыл

                                                                                                     

  • кыргыз тили - жат жазуу
  • математика–текшерүү иши
  • мекен таануу–тест

 

 

Жогоруда таблица көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн негизинде төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот. 4-класстарда кыргыз тили, мекен таануу предмети боюнча билим сапаты жана жетишүүсү жакшы, ал эми математика предмети боюнча билим сапаты 39%, жетишүүсү 82% төмөн экендиги аныкталды.

Жалпы билим сапаты 63%, жетишүүсү 90% түздү.

Мектеп документациясына болгон көзөмөлдүн жыйынтыгы

Жалпы жонунан мектеп документациясы бирдей орфографиялык режимдин талабына ылайык  толтурулуп, берилген тапшырмалар убагында аткарылды. Мектеп документациясын көзөмөлдөөдө төмөнкү объектилери көзөмөлгө алынган:

  • дептерлерге жана күндөлүктөргө болгон көзөмөл;
  • окуу программаларынын аткарылышын көзөмөлдөө;
  • окуу кабинеттеринин сакталышы;
  • класстык журналдардын сакталышы;
  • окуучулардын билим билгичтигин жана көндүмдөрүнүн абалы.

 

Дептерлер жана күндөлүктөрдүн көзөмөлүнүн максаты:

            1. Дептерлердин толтурулушунда бирдей орфографиялык режимдин сакталышы;

            2. Окуучуларды объективдүү  баалоо;

            3. Каталар менен иштөөнүн системалуулугу;

            4. Класстык жана үй тапшырмалаларынын көлөмү; ж.б.

2018-2019- окуу жылынын  дептерлер (жумушчу, жат жазуу, текшерүү иштери) план боюнча текшерилип, анализделип турду.

Өздүк делолордун абалы

            Өздүк делолор төмөнкү критерийлеринин бар болуусун текшерүү:

  • 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • таза жана тыкан толтурулушу;
  • алфавиттик номерге дал келиши.

2018-2019-окуу жылында өздүк делолордун абалы план боюнча эксперттик аналитикалык топтун мүчөлөрү менен бирдикте текшерилип турду.

 

Окуу жылынын башында ар бир кураторго жана мугалимдерге журнал толтуруу боюнча окуу бөлүмү тарабынан жана эксперттик- аналитикалык топтун  жетектөөсү менен семинар өткөрүлүп рекомендациялар көрсөтүлүп жатты. Жалпы жонунан журналдардын   сакталышы, толтурулушу жакшы. Мектепке жаны келгендер жана жаш адистер тарабынан журнал толтуруу боюнча каталар кетирилип жатты. Көрсөтүлгөн каталар боюнча жаш адиске жана  журнал толтурууда кыйналган мугалимдерге өз убагында жардам көрсөтүлүп жатты.  Айрым мугалимдер кандайдыр бир себептер менен журналга жазуу, текшерүү иштеринин бааларын толук түшүргөн эмес. Айтылган мугалимдер менен бирдикте календардык пландары каралып, өзгөртүүлөр киргизилип, толукталды.

 

Жыйынтык:

Жалпы жонунан 2018-2019-окуу жылынын окуу планы аткарылды, окуу программалары өтүлдү. Айрым сабактардын сааттары  майрам күндөрүнө туш келгендиктен резервдик саатардын жана кайталоо сабактарынын эсебинен аткарылды.  Өткөн окуу жылында көрсөтүлгөн  рекомендацияларды эске алуу менен иш планы түзүлүп иш алынып барды. Билим сапаты өткөн окуу жылына салыштырмалуу көтөрүлдү.

 

ОТИ боюнча директордун орун басары Байзакова Г. Л.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru