Гимн

Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы

УЛУТТУК ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР

               МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИнин

                           ГИМНИ

 

Сөзү:  Акбар Кубанычбеков, Ниязбек Исраиловдуку

Музыкасы:   Камчыбек Букалаевдики

Аранжировкалаган:  Канатабек Кубанычбек уулу.

 

Кечти узатып, күлүп тосуп таң алдын,

Келем сага тездигиндей шамалдын.

Акыл кенин толтурасың мектебим,

Артта калбай агымынан замандын!

 

Кайырма:             Баары билет №5 деп мектебим,

Сендей  бийик, сендей кымбат бизге ким?

Санат менен адам кылып барасың,

Сактап алып балалыктын издерин.

 

Учуп чыгып, кайра келет жаңы ысым.

Улуттардын дос кылабыз баарысын,

Бийиктикке бирге карай барабыз,

Бүгүнкүнүн тандап аруу, жаңысын.

 

Кайырма:             Баары билет №5 деп мектебим,

Сендей  бийик, сендей кымбат бизге ким?

Санат менен адам кылып барасың,

Сактап алып балалыктын издерин.

 

Акылында көөнөрбөгөн бар кени,

Агай-эжей сабак өтсө, бал кеби.

Өлкө үчүн, тынчтык үчүн окуйбуз,

Өсүш үчүн келечек муун анткени.

 

Кайырма:             Баары билет №5 деп мектебим,

Сендей  бийик, сендей кымбат бизге ким?

Санат менен адам кылып барасың,

Сактап алып балалыктын издерин.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru