"Мен Мекендин сакчысы" конкурсу
23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата УИТМЛнин 6-класстарынын арасында “Мен мекенимдин сакчысы” аскердик конкурсу болуп өттү.
Конкурстун максаты: окуучулардын Ата мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимин жана чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өстүрүү.
Конкурска ар бир класс чоң жоопкерчиликтүүлүк менен катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Конкурстун жыйынтыгы менен 6-и класс 1-орун, 6-з класс 2-орун, 6-е класс 3-орунга ээ болушту.