Мыкты ачык сабак

2019-2020-окуу жылынын II жарым жылдыгында мектеп-лицейдин ичинде «Мыкты ачык сабак» конкурсу болуп өттү. Конкурстун катышуучулары өздөрүнүн сабактарын бүгүнкү күндөгү талапка жооп бергендей үлгүдө жазышып, мыктылыгын көрсөтүп, сабактарын жеткиликтүү деңгээлде өтө алышты. Ачык сабак конкурсу бир нече критерий менен бааланды.

Жыйынтыгында:

1-орун: башталгыч класстын мугалими Султанбаева Назгүл;

2-орун: англис тили мугалими Имангазиева Кыял;

3-орун: орус тили жана адабияты мугалими Мурзабаева Жылдыздар ээ болушту.

Мындан сырткары өзүнүн өзгөчөлүү мыкты сабактары үчүн дене тарбия мугалими Нурбек Өмүралиевге «Демилгелүү мугалим», башталгыч класстын мугалимдери Фарида Тилемишовага, Мээрим Узакматовага «Чыгармачыл мугалим», физика мугалими Айтбү Султанбаевага «Мыкты жаш мугалим» деген номинациялар ыйгарылды.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru