4-март УИТМЛ күнү белгиленди

Бүгүн 4-март шаршемби күнү Проф. А. Молдокулов атындагы УЛУТТУК ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИ жаңы макам алган күнүнүн 1 жылдыгын мектеп алкагында  кызматкерлери, окуучулары жана ата-энелери менен абдан жогорку деңгээлде белгиледи. Таңкы саат 7-00дө фойэде Кыргыз Республикасынын Гимни менен УИТМЛдин Гимни жаңырды. 1-сабактар тарбиялык саат болуп, окуучуларыбыз УИТМЛдин гимнин ырдоо менен башташып, тарбиялык саат УИТМЛдин 90 жылдан ашык тарыхынын басып өткөн жолуна арнады. 8-11-класстардын жана 5-7-класстардын окуучулары үчүн салтанаттуу иш-чаралар болуп, анда окуунун алдыңкыларына мектептин ГРАМОТАСЫ тапшырылды. Ал эми УИТМЛдин жалпы кызматкерлери үчүн чоң жыйындар залында салтанаттуу иш-чара уланып, кызматкерлерди да УИТМЛдин окутуу-тарбиялоо процессиндеги кошкон жигердүү салымдары үчүн АРДАК ГРАМОТАЛАР менен сыйланышты. Баштан аяк кечени УИТМЛдин ийримдери жана атайын курстардын класстан чышкаркы, чыгармачыл ийримдеринин таланттуу окуучулары жана алардын жетекчилеринин аткарган ыр-бийлери менен коштолду. Уюткулуу №5 мектеби, бүгүнкү күндө УИТМЛ 1 жылдык тарыхын баштап, келечек муундарды окутуп-тарбиялоого терең чыйыр жолун талыкпай уланта берүүнү каалап, АК ЖОЛ - УИТМЛ деген чакырык менен салтанаттуу иш-чараларды аяктады. 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru