“Мээрман эне, мээрман кыз” конкурсу
8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата 4-класстардын арасында ата-энелер менен бирдикте “Мээрман эне, мээрман кыз” конкурсу болуп өттү. Конкурста алдын ала берилген тапшырмалар боюнча конкурсанттарыбыз чоң жоопкерчиликтүүлүк менен жогорку деңгээлде аткарып чыгышты. Жыйынтыгында 4-в, 4-г-класстары 1-орун, 4-д, 4-ж класстары 2-орун жана 4-к классы 3-орунду алышты.
Конкурстун максаты: ата-эне мектеп жана окуучу үчилтигин бекемдөө менен өсүп келе жаткан жаш муунга татыктуу тарбия, сапаттуу билим берүү. Окуучулардын чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн өстүрүү менен ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандырып тарбиялап чыгаруу.