Англис тили жумалыгынын

     Кечээ 10-февралда “Англис тили жумалыгынын” алкагында  9-класстар арасында" I know English well" аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Окуучулар төрт командага бөлүнүп, 6 тапшырма аткарышты. Бардык командалар берилген суроолорго жооп беришип, таймашка активдүү катышышып, жыйынтыгында 4-топ жеңишке ээ болду.
    Таймаштын уюштуруучулары Кариева Гульнара эже жана Садыбакунова Дамира эжелерге терең ыраазычылык!
 
    Англис тили мугалимдери тарабынан уюштурулган "English aroun Us" деген темада жаш мугалимдерге мастер-класс өтүлдү.  Жаш мугалимдер активдуу катышып, англис тилин үйрөнүүдөгү төрт негизги: reading, writing, listening, speaking жөнүндө үйрөнүп, керектүү жакшы маалыматтарды алышты. 
Тренерлер: Айтбаева Айүрөк, Алымкулова Гулжан,Акбекова Кыз Жибек,Имангазиева Кыял жана Балбаева Бегимай англис тилин үйрөнүүдөгү көндүмдөрдү практикалап, ойнотуп, кызыктыруу менен мастер-класска келип катышкан мугалимдердин англис тилине болгон кызыгууларын арттырып, иш-чара өз максатына жетти.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru