21-февраль – Эл аралык эне тил күнү!
21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата 5-класстардын арасында
“Тил-улуттун жан дүйнөсү” темасында дубал газеталар конкурсу жарыяланган.
Конкурстун максаты: эне тилдин улуулугун, ар бир улуттун тарыхын, маданиятын билүүгө жана динин сыйлоого, алар менен достук мамиледе болууга үйрөтүү менен эне тилдин өсүп-өнүгүшүнө салым кошууга, аны даңазалап даңктоого тарбиялоо.
Конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:
I орун - 5-а класс куратору Айтбаева Айчүрөк Жолдошевна
I орун - 5-к класс кураторлору Чороева Анипа Кудайбергеновна, Касымбекова Аида Жаныбековна
II орун - 5-д класс куратору Осекова Динара Усеновна
II орун - 5-ж класс куратору Дөлөшаева Айсалкын Дөөлөтбековна
III орун - 5-г класс куратору Балбаева Бегимай Муратовна
Ийгилигиңиздер кут болсун!
Конкурска катышкан бардык класстардын кураторлоруна, окуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!
“Адамдын эне тили-анын жан тамыры” -дегендей, жан дүйнөдөгү ой-тизмектерин эне тилибиз аркылуу билдирип жүрөлү.