2018-жылдын 5-мартында УКГда ак калпак күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Тарых барактарында калпактын жаралуу мезгили кыргыз эли эл болуп түзүлгөн жылдарга барып такалат. 2011-жылдан бери 5-мартта расмий түрдө белгиленип  келет. Мырзалар  жашоонун, улуулуктун,тазалыктын, улуу күндүн символикасы, ыйык белгиси катары кастарлап кийген улуттук баш кийимдеринин бири бул - калпак. Кыргыз эли калпакты көрк катары маанилүү шаң салтанаттарга кийсе,жоого чыкканда сүр тутуп,сөөлөт санап кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 35-40 кылымга созулса  калпагы да дал ошондой узак уламалуу санжыра экендигин, улутту улут катары таанытып, Ала-Тоодой көрк берип,аяздуу кышта сууктан,жайкы аптапта ысыктан сактаган ак калпак мырзалардын жаш өзгөчөлүгүнө карата көп түргө бөлүнөөрүн,ак калпак аркылуу улуттук сыймыкты, мекенчил сезимди өрчүтүү максатында 2018-жылдын 5-мартында УКГда ак калпак күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Салтанаттуу иш -чара гимназиянын 8-11-классынын уландары тарабынан даярдалган флешмоб менен башталды. Окуучулардын өз колдору менен жасалган   мамлекеттик символикалардын бири катары кыргыз эли кастарлаган ак калпагы салтанатта чыгарылды.. УКГнын директору М.У.Касымалиев окуучуларды жана мугалимдерди ак калпак күнү менен куттуктады.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru