«Баухаус» сахналаштырылган долбоор

23-февралдан 4-мартка чейин PASCH долбоорунун алкагында онлайн формасында сахналаштырылган долбоор «Мейкиндик. Машина. Жаныбар» болуп өттү.

Бул долбоорго Казахстан, Украина өлкөлөрүнүн окуучулары менен биргеликте биздин проф. А.Молдокулов атындагы УИТМЛдин окуучулары Асан кызы Амина, Алишерова Алия, Рыскулова Баяна жана Женишбек кызы Айэлина активдүү катышышты.

Бардык катышуучулар өздөрүнүн каармандарына толугу менен дал келген тотемдик жаныбарлар жөнүндө билишти. Алар кооз көпөлөктөр, сымбаттуу бүркүттөр жана эр жүрөк чөөлөр.

Алар өз алдынча костюмдарын даярдап иштеп чыгышты. Костюмдардын өзгөчөлүгү кызыл, сары жана көк түстөр менен геометриялык формаларда көрсөтүлдү.

 

31-мартта ZOOM платформасында премьера көрсөтүлүп, ага Германия, Казакстан, Кыргызстан жана Украинадан 180ге жакын коноктор катышышты.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru