Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

       “Эч ким, эч нерсе унутулбайт”

 

 Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата “Эч ким, эч нерсе унутулбайт” темасында УИТМЛдин онлайн режимде окуп, билим алып жаткан 7-класстар арасында көркөм ыр окуу боюнча видеороликтер конкурсу өткөрүлдү.

 Конкурстун максаты: окуучуларды Улуу жеңишти алып келген согуш ардагерлерин сыйлоого, урматтоого тарбиялоо менен Ата Мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимдерин жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү.                    

  Конкурска ар бир класс аралыктан болсо да чоң жоопкерчиликтүүлүк менен катышышышты. Калыстар тобунун калыс баалоолорунун негизинде төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды:

 

алган орду

жалпы балл

класс

куратору

1

I орун

68

7-г

Абдрахманова Чынара Жээнбековна

2

I орун

68

7-з

Алишерова Бактыгүл Эгембердиевна

3

II орун

66

7-а

Темирбекова Алина Бактыбековна

4

III орун

64

7-д

Майташева Зинагүл Абдурасуловна

 

Ийгилигиңиздер кут болсун!

Конкурска активдүү катышып ийгилик жараткан бардык класстардын кураторлоруна, окуучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен мындан аркы иштерине жана окууларына албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!

 

http://www.ncg.kg/index.php?act=video&album=25

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru