Турсунбеков Чыныбай Акуновичти адабий-эскерүү кечеси

Бүгүн, 21-октябрь бейшемби күнү биздин мектеп-лицейибизде кыргыздын белгилүү табиятынан таза инсаны, чебер калемгер, таланттуу акын, котормочусу Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин 60 жылдыгына арналган жаркын элесин эскерүү адабий-кечеси болуп өттү. Эскерүү кечесине акындын замандаштары болгон белгилүү инсандар Ишекеев Назаркул Ишекеевич - филология илимдеринин доктору, Чыныбай Акуновичтин алгачкы окутуучусу, Исаков Эснегул Байделиевич - КРнын ЖКтин 6-чакырылышынын депутаты, үзөнгүлөш кесиптеши, Жумалиев Нуритдин - акын, А. Осмонов атындагы музей-комплексинин директору, Чыныбай Акуновичтин өмүрлүк жубайы Тентимишева Нуржан Давлетбековна, кызы Чыныбай кызы Айдай ж.б. коноктор катышышты. Кечеде акындын ырларына жазылган обондуу ырлар ырдалып, мектеп-лицейдин мугалимдери ж/а окуучулары тарабынан акындын калемине таандык ыр саптары көркөм окулду.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru