Окуучулардын өзү-өзү башкаруу парламентинин Ант берүү аземи
Ушул жуманын 21-октябрь бейшемби күнү мектебибиздин окуучуларынын Өзүн-өзү башкаруу "Келечек" уюмунун жетекчилеринин Ант берүү аземи болуп өтүү.
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин «Келечек» өзүн-өзү башкаруу окуучулар уюмунун «Манас» «Семетей» жана “Сейтек ”кошуундарынын президенттеринин “Ант берүү” аземине арналган салтанаттуу линейкалар болуп өттү.
Парламентке талапкер болуп келишкен окуучулар өздөрүнүн жаңы идеяларын сунушташып, программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгышкан. Жыйынтыгында, эң мыкты деп табылган долбоор, программалардын ээлери мектеп-лицейдин парламентиндеги маанилүү кызматтарга шайланышты.
Кошуундарды шайлоонун негизги максаты – өсүп келе жаткан жаш муунду жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн, дүйнөлүк баалуулуктардын негизинде тарбиялоого багыттоо. Мекен, эл, жер алдында милдетин биле жүрүүгө, улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоого үйрөтүү, табиятты коргоого жана аны менен таттуу мамиледе болууга үндөө менен ар бир окуучунун руханий өнүгүшүнүн зарылдыгын түшундүрүү.