1-декабрь, СПИДке каршы күн
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата 10-класстардын окуучуларына №7 үй - бүлөлүк медицина борборунун адистери тарабынан оорунун жугуу жолдору, андан кантип сактануу керектиги тууралуу кенен маалыматтар берилди.
11-класстар арасында “СПИД – кылым коркунучу” темасы боюнча дубал газеталар конкурсу өткөрүлүп, жыйынтыгында төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:
I орун 11-м2 классы, куратору Камчыбекова Гүлсара Абдулатовна
II орун 11-т3 классы, куратору Батыркулова Айгүл Бекмурзаевна
III орун 11-м6 классы, куратору Шабданова Махабат Ашымовна жана 11-т1 классы, куратору Мусаева Элизат Карыпбековна.