Жаңы окуу имаратынын ачылыш аземи

Бүгүн 15-февраль, шейшемби күнү Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы  Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 375 окуучулук орунга эсептелген кошумча окуу корпусунун (эки кабаттуу окуу имараты спорттук жана актовый залы жана коомдук тамактануу бөлүмү) ачылыш аземи болду. Кошумча окуу имараты Бирикке Араб Эмиратынын "Сауд Өнүктүрүү Фондусу" тарабынан салынып берилди. 

Кабыл алынган 84 544 088,00 (Сексен төрт миллион беш жүз кырк төрт миң сексен сегиз сом 00 тыйын.каражаты,  анын ичинде эки кабаттуу окуу корпусу спорттук жана актовый залдары менен коомдук тамактануу бөлүмү Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы  Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин балансына өткөрүлүп берилди.

Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Председателинин орун басары Байсалов Эдиль Жолдубаевич жана "СӨФнун" жетекчилик курамы жана Билим берүү жана илим министрлигинен бир катар өкүлдөр келип катышышты.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru