Улуттук тамак-аш - сүмөлөк!
Бүгүн 10-март бейшемби күнү УИТМЛдин жатаканасында "Улуттук мурас" ийрим жетекчиси Кадыралиева Үрүнса эжей жатакананын 5-7-класстарынын кыздары менен "Улуттук тамак-аш - сүмөлөк" деген темада мастер-класс өттү. Мастер-класс Нооруз майрамы, ага карата кыргыз элинин салт-санаасы, улуттук тамак ашы жөнүндө, анын ичинде Нооруз майрамынын негизги бир атрибуттары болгон улуттук тамак - СҮМӨЛӨКТҮ кайнатуу эрежелине токтолуп, абдан кызыктуу сабак өттү.